АЙБАЛТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:00, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – жоокерчилик куралы. Байыркы темир доорунан эле көп элдер, а. и. кыргыздар да урунуп келген. Көрүнүшү жарты ай сымал келип, темирден ар түрдүү өлчөмдө жасалган.
АЙБАЛТА42.png

А. ар бир жоокердин тулкусуна чактап, урушта колдонууда эптүү кылып даярдалган. Са­бын ыргай, четин, кайың ж.б. катуу жыгачтан жасашып, колго токтомдуу болуш үчүн аны быдырлантып, урушта колдон чыгып кетпес үчүн саптын учуна кайыштан бүлдүргү тагыл­ган. Душманды ууландырып өлтүрүү максатында А‑нын мизин кээде ууга сугарышкан. А. ат үстүндө да, жөө калганда да урушууга эң ыңгай­луу согуштук куралдардын катарына кирет.