АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – абадагы мол. азотту сиңирип, азот бирикмеле­рине айландыруучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр м‑н симбиоздо

жашаган бактериялар, топуракта эркин жа­шоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланы­шында ж‑а топуракты, көлмөлөрдү азот кошул­малары м‑н байытууда алардын мааниси чоң (симбиоздук бактериялар жылына 1 га топурак та 200‑300 кг, симбиоздук эместер 15‑30 кг азот топтойт). Булардын тиричилигинин натыйжа сында мол. азоттон (N2) аммиак (NH3) пайда болот. Ал эми аммиактан синтезделген амин к‑таларды өсүмдүктөр пайдаланат. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдерге азот ж‑а анаэробдук бактериялар – клостридум, ме тан кычкылдандыруучу бактериялар, кызыл­күкүрт ж‑а жашыл күкүрт бактериялары кирет. Көк жашыл бактериялардын көбү, кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топ тойт. Симбиоздук азот топтоочуларга чанактуу өсүмдүктүн (буурчак, беде, уй беде, люпин ж. б.) тамырларында жашоочу түймөк бактериялары кирет. О. эле түймөкчөлөр ольха, жийде ж. б. өсүмдүктүн тамырында да жашап, азот бирик­мелерин топтойт.