АЗИРЕИЛ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
– диний түшүнүк б‑ча жан алгыч, Кудайдын эң жакын периштелеринин бири. Ал төрт жүзү, төрт миң канаты бар, денеси жерде ги адамдардын санына барабар көз ж‑а тилден жаралган, жарыкчылыктын тактысында отурган жан катары сүрөттөлөт. Алгач жөн гана негизги периштелердин бири катары саналган. Кудай Адамды жаратууда периштелерди жерден топурак алып келүүгө жиберет. Жер каршылык көрсөтүп, Жебиреил, Микаил ж‑а Исрафил периштелер алып келе албай коюшат. Муну А. ишке ашырып, ал каардуулугу үчүн башкы жан алгыч катары дайындалат. Адамдын бул «жалган дүйнөдөн» кете турган мөөнөтү келгенде, Жараткандын жанында өскөн дарактан анын аты жазылган жалбырак түшөт имиш. Андан соң кырк күндүн ичинде адамдын жаны денесинен ажырап чыгыш керек. Адамдар алгач буга каршылык көрсөтүүсү мүмкүн, ошондуктан А. көп учурда Кудайга кайрылат деп айтылат. Миф б‑ча Муса көпкө чейин А. м‑н кармашып, каршылык көрсөткөн делет. А. ж‑дө ал гачкы маалыматтар библиялык мифологияларда, иудей булактарында, кийин Куранда айтылат.