АЗИМОВ Айзек
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Айзек (1920, Петровичи, Смоленск губ., азыркы Смоленск обл. – 6. 4. 1992, НьюЙорк) – амер. жазуучу‑фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу. Колумбия ун‑тин бүткөн (1939), Бостон ун‑тинде сабак берген. 500гө жа кын чыгармалардын автору. Биринчи рома ны – «Асмандагы кичинекей таш» (1950). Ага «Тирек» үчилтиги (1966) атак‑даңк алып кел ген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) ил.-фантастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам м‑н машинанын өзара мамилелеринин моралдык проблемалары анализденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары ж‑дөгү, ар түрдүү энциклопедиялардын, а. и. Библия ж‑а Шекспир б‑ча китептердин автору катары белгилүү. Ил.фантастикалык ж‑а ил.-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960‑жылдын ортосунан орус тилине которулган.