АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
(азери) – Азербайжан Респ‑нын мамл. тили; жерг. калктын ж‑а Иран, Ирак, Афганистан, Грузия, Армения, Дагестан ж‑а О. Азия респ‑нда жашаган азербайжандардын тили. Түрк тилдеринин түш. батыш же огуз тобуна кирет. 7‑11‑к‑да түрк тилдүү уруулардын (огуз, селжук) Азербайжан жерине келиши м‑н жерг. элдердин мурда колдонгон тилдери сүрүлүп, 11‑13‑к‑да жерг. элдердин оозеки ти ли түрк тили болуп, ал азербайжан адабий тили катары калыптана баштаган. А. т‑нде 4 диалектилик топ белгиленет: чыгыш тобу, түштүк тобу,
батыш тобу, түндүк тобу. Азербайжан адабий тили шемахи ж‑а бакы диалектилеринин негизинде 19‑к‑да калыптанган. А. т. өзүнүн граммат. лексикалык белгилери б‑ча азыркы түрк, түркмөн, гагауз, б. а., огуз тобундагы тилдерге жакын. Кээ бир фонетикалык өзгөчөлүктөрү б‑ча ногой, кумык, өзбек тилдери м‑н да жакындашат. А. т‑нде 9 үндүү, 23 үнсүз тыбыш бар. 1929‑ж. чейин араб графикасын колдонгон, ошол жылдан латын, э, ө, ү тамгаларын ко шу мчал ап, 1940‑ж. орус графикасына өткөн. Азыр кайрадан латын графикасын колдонот.