АЗЕРБАЙЖАНДАР
13:17, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(өздөрүн азербайжанлылар деп аташат) – Азербайжан ж‑а Ирандын түн.-батышындагы жерг. калк. О. эле азыркы Россия (Дагестан), Грузия (Борчалы), Түркия (Карс ж‑а Ыгдыр) ж. б. аймактарда да жашашат. Азербайжан тилинде сүйлөшөт. Жалпы саны 30–35 млн, а. и. Азербайжанда 8,2 млн (2009), Иранда 15 млн (2009). Кырг‑нда 17 267 (2009). А. 19–20‑к‑дын башында расмий орус документтеринде түрктөр, татарлар деп аталган. Алар айрум, афшар, баят, карадаг, карапапах, падар, шахсеван ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Байыркы Ман мамлекетинин, кавказдык Албаниянын, Мидия, Атропатендин жерг. элдери, кавказ тилдүү (албан, гаргар, ути, каспи, лег), иран тилдүү (курт, ман не, мидян), түрк тилдүү (хазар, болгар, печенег, огуз) урууларынын ассимиляцияланышы м‑н А. 11–13‑к‑да өзүнчө эл болуп калыптанган. Дини – мусулман‑сунниттер (ирандык А. – мусулман шииттер). А. негизинен өнөр жайларда (нефть, газ, ж. б.) иштешет, о. эле мал чарбачылык, дыйканчылык м‑н да кесип кылышат. А‑дын көпчүлүгү шаарда жашашат. Улуттук кийими кыска көйнөк, архалук (көкүрөгү оюлган коф та), кенен ыштан, булгаары бут кийим; кур, чуха (узун тыш кийим), жораб, эркектер папах, аялдар чадра (чүмбөт) кийишкен. Тамак‑ашы негизинен ун, эт, жашылча‑жемиш азыктарынан даярдалып, а. и. нан (тенур, тендирде бышырылган), говурма, басдырма, люля‑кебаб, долма ж. б. (эттен даярдалган), күрүч (палоонун 50дөн ашык түрү), суусундук катары чай, шербет, айран кеңири пайдаланылат.
Ш. Керимова