АЗЕЗИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (ар. – азгыруучу, арбоочу) – диний тү­шүнүк б‑ча адамдарды Алланын ак жолунан тай­дырып, күнөөгө батыруучу периштенин бир аты (к. Ибилис). Курандан кийин тараган айтым­дарда Ибилистин көктөн (асмандан) куулуш тарыхы ар түрдүү баяндалат. Айрым маалымат­тарда анын аты Азезил же ал‑Харис экендиги, жерге перилердин жаңжалын басуу үчүн жибе­рилгендиги айтылат. Бирок жеңишине шыктан­ган А. өзүн ааламдын буйрукчусу катары сезип, Алланын бийлигине багынбай кеткен. Куранда кээ бир адамдардын чындыкка ишенбей арам­дыкка барганын периште атын жамынган А‑дин иши деп түшүндүрөт.