АЗАДЕГАН
Jump to navigation
Jump to search
АЗАДЕГАН – нефтинин дүйнөдөгү ири кендеринин бири. Ирандын түш.-батышында, Хузестан провинциясындагы Ахваз ш‑на жакын жайгашкан. Перс булуңу нефть‑газ бассейнине кирет. 1999‑ж. ачылган, азырынча (2005) иштетилбейт. Нефть‑газдуу аймак 520 км2 аянтты ээлейт. Алгачкы геол. запасы 3,6 млрд т Кен антиклиналдык түзүлүштө топтолуп, пайдалуу горизонттор палеоген мезгилинин аягында пайда болгон олигоцен‑миоцендин акиташ тектеринин арасында жатат. Нефтинин тыгыздыгы 860 кг/м3.