АЖЫРАТКЫЧ
Jump to navigation
Jump to search
АЖЫРАТКЫЧ электрдик – обочолоткучка (изоляторго) бекитилип, кыймылдуу ж‑а кыймылсыз тиймектерден турган электр тех. түзүлмө. Анын негизги кызматы электр тизмегинин кээ бир бөлүктөрүн агын (ток) жок кезде ажыратуу ж‑а алмаштырып бириктирүү. А. электр тизмегинде көрүнүүчү ажырымды түзөт ж‑а жогорку чыңалуудагы бөлүштүрүүчү түзүлмөлөрдүн өчүрүлгөн бөлүгүндө негизинен утурумдук ж‑а оңдоо ишин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылат. А‑тын чабылуучу (610 кВтук чыңалууда, бычагы кыймылдуу тиймектик тегиздикте чабылат), айлануучу (35 кВтон 500 кВко чейинки чыңалууда, бычагы жерге жарыш тегиздикте айланат), п а н т о г р а ф т ы к (чыңалуусу 500‑750 кВтук, бычагы пантограф түрүндө жыйналып‑жазыла турган), а с ы л м а ж. б. түрлөрү болот.