АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Ош обл‑нун КараКулжа р‑нунда, Кара‑Кулжа кыш‑нан 25 км аралыкта, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы Тар суусунун алабында, деңиз деңг. 2020–2179 м бийиктикте жайгашкан. 1986‑ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагын бор, палеоген‑неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кендүү катмар бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринин арасында жайгашкан. Ангидрит катмарынын уз. 1,5 км, калыңдыгы 10 м. Таштын өңү күрөң, ачык боз, көгүш боз. Кенден блок
алуу мүмкүнчүлүгү 50% ке жетет. 1 м3 блоктон
14–20 такта алынат. Ангидрит имараттын ички дубалын каптап кооздоого ж‑а кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Запасы C1+C1 катего
риясы б‑ча 1857,4 миң м3.