АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:26, 21 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Ош обл‑нун Кара­-Кулжа р‑нунда, Кара‑Кулжа кыш‑нан 25 км ара­лыкта, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы Тар суусунун алабында, деңиз деңг. 2020–2179 м бийиктикте жайгашкан. 1986‑ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагын бор, палеоген‑неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кендүү кат­мар бор мезгилинде пайда болгон акиташ тек­теринин арасында жайгашкан. Ангидрит кат­марынын уз. 1,5 км, калыңдыгы 10 м. Таштын өңү күрөң, ачык боз, көгүш боз. Кенден блок алуу мүмкүнчүлүгү 50%ке жетет. 1 м3 блоктон 14–20 такта алынат. Ангидрит имараттын ички дубалын каптап кооздоого ж‑а кооз буюмдар­ды жасоого жарамдуу. Запасы C1+C1 катего­риясы б‑ча 1857,4 миң м3.