АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
(ADOBE ACROBAT) – бир нече иштетүү чөйрөсү м‑н бирдиктүү документтерди даярдоо ж‑a таратуу системасы. Adobe Systems басмаканасы тарабынан иштелип чыккан. А. а. с. аркылуу PDF (Portable Document Format) калыбындагы файлдарды түзүүгө болот. Мындай файлдарды анын программаларын иштете алган каалагандай компьютердик системаларда окууга болот. Бул программанын калыбын Windows, Macintosh ж‑a Unix сыяктуу кеңири белгилүү иштетүү системалары колдойт.