АДИСТИК БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ТОПТОМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – мугалимдин предмет б‑ча адистик теор. билимин, методикалык чеберчилигин, тар­биялык иштерди жүргүзүү деңгээлин жогорула­тууга багыт берүү максатында түзүлүүчү окуу адабияты. Булардын биринчи тобуна – мугалимдин өзү сабак берген илимдин тигил же бул проблемалары б‑ча теор. даярдык деңгээлин көтөрүүчү ил. теориялар, мыйзамдар, концеп циялар, гипотезалар, методдор б‑ча түшүнүктөр камтылуучу адабияттар; экинчи тобуна – кай­сы бир окуу предмети б‑ча билим берүүнүн жал пы проблемаларын ж‑а анын мазмунун, окутуу методдорун, принциптерин, класстык ж‑а класс­тан тышкаркы окууларды уюштуруу формала­рын, жолдорун камтыган адабияттар кирет. Алардын максаты – мугалимдин сабак берүү чеберчилигинин деңгээлин көтөрүү. Үчүнчү топ ко – айрым алынган предметтер б‑ча програм­малык материалдарды окутуу б‑ча конкреттүү сунуштарды камтыган, жалпы проблемаларды конкреттүү темалардын, сабактардын негизин­де чечүүнүн методикалык жол‑жоболору б‑ча мугалимди куралдандыруу максатын көздөгөн окуу адабияттары кирет. Окуу топтомунун төртүнчү тобу кайсы бир предмет б‑ча окуучу­лардын жалпы таанып‑билүү ж‑а таалим‑тар­бия берүү проблемаларына, идеялык, патриот­тук, интернационалдык, эстетикалык, экон., экол. ж. б. маселелерге арналса, бешинчи тобу сабактан тышкаркы лабор.-изилдөө иштерин, факультативдерди, окуу экскурсияларын уюш­турууга арналат. Ал эми окуу хрестоматияла­ры, маалымат берүүчү сөздүктөр, таблицалар, көнүгүүлөр топтомдору, маселелер ж‑а текшерүү иштеринин, баяндама ж‑а дилбаяндардын (со чинениелердин), тексттердин жыйнактары ме тодикалык топтомдордун алтынчы тобуна ки рет. Аларды түрлөрүнө жараша: методикалык куралдар, дидактикалык материалдар, маалы мат берүүчү көрсөтмө куралдар, таратып берүүчү материалдар, алдыңкы тажрыйбалардын топ томдору, сөздүктөр ж. б. деп бөлсө болот.

И. Бекбоев.