АДЕП ТАРБИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – адамдын коомдогу морал­дык аң‑сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм‑турум көнү­мүштөрүн пайда кылуу, о. эле өз элинин үрп­адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урмат­тоого тарбиялоо. Адамдын эрки м‑н рухий бай­лыгынын шайкеш келиши адептүүлүккө жатат. А. т. эмгекке ж‑а коомдук мүлккө туура мами ле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүк кө ж‑а ар ким өзүнүн жүрүм‑турумуна сын көз м‑н кароого ж. б. кемчиликтерин адилет сын­доого үйрөтөт. Ал коомдук аң‑сезимдин эң маа-

нилүү формасы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбиялаиып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш‑туруштун тигил же бул эреже­лерине калыптануусу негизинен балалык, өспү­рүм кезинен башталат. Мезгил өткөн сайын бул адат өркүндөп‑өрчүй берет. Ар бир коомдун өзүнүн социал. түзүлүшүнө жараша адептүүлүк эрежелери болот.