АДАПТАЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. adaptatio – ыңгайлануу) биологияда – белгилүү бир биол. түрдүн морфофизиол., жүрүш‑туруштук, популяциялык ж. б. өзгөчөлүктөрүнүн чөйрө шартына ыңгайланышы. Түрдүн особдорунун жашоосунун бардык тепкичтеринде А. калыптана берет. А. жашоо шартынын ар кандай өзгөрүүсүндө организмдин тирүү калышын камсыз кылат. Жалпы ж‑a жеке А. болуп экиге бөлүнөт. А‑нын эвол. өрчүп‑өнүгүү механизмдери – биологиянын бирден бир борб. проблемасы. А. тукум куугучтуктун негизинде онтогенездик өзгөрүүлөрдүн, узак убакыт тандалуунун ж‑a мутациянын натыйжасында ишке ашат да, организмдин клеткалары м‑н ткандарынын кээ бир тиричилик аракеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулугу арта баштайт. Тиричиликтин тарыхый өсүү жолунда орга низмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өөрчүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында А. пайда болот. Жаныбардын, өсүмдүктөрдүн органдары м‑н клеткаларынын түзүлүшүндө ж‑a функциясында жашоо шартына ылайык өзгөрүүлөр дайыма болуп турат. Мис., А‑нын натыйжасында жарганаттын алдынкы буттары учууга, момолойдун алдынкы буттары кыска келип жер казууга, маймыл, тыйын чычкандардын дене түзүлүшү, колу‑буттары даракка чыгууга, бутактан бутакка секирип жүрүүгө ыңгайланган. Сууда жашоочу сүт эмүү-чүлөрдөн киттин буттары сүзгүч канатка айланган. Белгилүү өсүү шарттарга жараша өзгөрүүлөр өсүмдүккө да мүнөздүү. Көп өсүмдүктөрдүн гүлү курт‑кумурска ж‑a канаттуулардын кээ бир түрлөрү аркылуу чаңцашууга ыңгайланган. Туздуу, кумдуу, чополуу, таштуу жерлерде өскөн өсүмдүктө ар кандай морфол., физиол., анат. ж‑а биохим. өзгөрүүлөр болот. 19‑к‑дын 2‑жарымында Ч. Дарвин эвол. теорияны ачкандан баштап, А. организмдеги туруктуу процесс болбостон, орг. эволюциянын үч фактору – өзгөргучтук, тукум куугучтук ж‑а табигый тандалуунун натыйжасында пайда болуп өнүккөн процесс катары каралат.
Ад.: Жученко А А Адаптивный потенциал культурных растений. Кишинев, Штиинца, 1988; Ак туальные проблемы биологической науки, М., 1984.