Difference between revisions of "АГЛОМЕРАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
1 -сап: 1 -сап:
  (лат. аgglomerare ‒ бириктирүү, чогултуу) м е т а л л у р г и я д а ‒ эритүү үчүн зарыл формага ж-а касиетке (хим. курамына ж-а структурасына) келтирүү максатында кызытып бириктирүү жолу м-н майда материал дарды (кенташты, металл аралаш кенташ концентраттарын) ирилештирүүчү термиялык процесс. Термин 1887-ж. Ф. Геберлейн ж-а Т. Хантингтон (Улуу Британия) тарабынан сунуштал ган. Жогорку темп-рада (1150°С) кенташтын сырткы беттери бир аз жумшарып, бири бирине жабышып калат же беттериндеги жеӊил эрүүчү бирикмелер эрип, кенташ муздаганда бөлүкчөлөрдү чапташтырат. Кызытып бириктирүү үчүн зарыл жылуулук А-лануучу мате
  (лат. аgglomerare ‒ бириктирүү, чогултуу) м е т а л л у р г и я д а ‒ эритүү үчүн зарыл формага ж-а касиетке (хим. курамына ж-а структурасына) келтирүү максатында кызытып бириктирүү жолу м-н майда материалдарды (кенташты, металл аралаш кенташ концентраттарын) ирилештирүүчү термиялык процесс. Термин 1887-ж. Ф. Геберлейн ж-а Т. Хантингтон (Улуу Британия) тарабынан сунушталган. Жогорку темп-рада (1150°С) кенташтын сырткы беттери бир аз жумшарып, бири бирине жабышып калат же беттериндеги жеӊил эрүүчү бирикмелер эрип, кенташ муздаганда бөлүкчөлөрдү чапташтырат. Кызытып бириктирүү үчүн зарыл жылуулук А-лануучу материалга кошулган көмүртектүү отундун күйүүсүнөн же күкүртүү кенташ концентраты А-ланганда, андагы сульфиддин кычкылданышынан бөлүнүп чыгат. Негизги баштапкы материалдары: майда күкүм түрүндөгү кенташ ж-а анын концентраты, 3 ''мм''ге чейинки кокс ж-а антрацит күкүмдөрү, боксит. Алынуучу өнүм (продукт) ‒ ''агломерат. ''Мунун 95%тен көбүрөөгү кара металлургияда алюминий, никель ж-а коргошун өндүрүшүндө колдонулат. А. процессинде негизги жумушту А-лык үзгүлтүксүз жылып туруучу тасмалуу машина аткарат. Бул машиналар өндүрүштө 1 жылда 2‒3 млн ''т'' агломератты өндүрөт. А-лык өндүрүш негизинен бардык катуу калдыктарды кайрадан иштете алат, бирок өндүрүштөн чыккан заттар (көмүртектин оксиди, күкүрт диоксиди, катуу бөлүкчөлөр ж.б.) атм-ны булгоочу булактардын бири болуп эсептелинет.
риалга кошулган көмүртектүү отундун күйүүсүнөн же күкүртүү кенташ концентраты А-ланганда, андагы сульфиддин кычкылданы шынан бөлүнүп чыгат. Негизги баштапкы материалдары: майда күкүм түрүндөгү кенташ ж-а анын концентраты, 3 ''мм''ге чейинки кокс ж-а антрацит күкүмдөрү, боксит. Алынуучу өнүм (продукт) ‒ ''агломерат. ''Мунун 95%тен көбүрөөгү кара металлургияда алюминий, никель ж-а коргошун өндүрүшүндө колдонулат. А. процессинде негизги жумушту А-лык үзгүлтүксүз жылып туруучу тасмалуу машина аткарат. Бул машиналар өндүрүштө 1 жылда 2‒3 млн ''т'' агломератты өндүрөт. А-лык өндүрүш негизинен бардык катуу калдыктарды кайрадан иштете алат, бирок өндүрүштөн чыккан заттар (көмүртектин оксиди, күкүрт диоксиди, катуу бөлүкчөлөр ж.б.) атм-ны булгоочу булактардын бири болуп эсептелинет.
Ад.: ''Базилевич С. В., Вегман Е. Ф.'' Агломерация. М., 1967; ''Коротич В. И., Фролов Ю. А. Бездежский Г. Н''. Агломерация рудных материалов. Екатеринбург, 2003.
Ад.: ''Базилевич С. В., Вегман Е. Ф.'' Агломерация. М., 1967; ''Коротич В. И., Фролов Ю. А. Бездежский Г. Н''. Агломерация рудных материалов. Екатеринбург, 2003.

15:14, 5 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(лат. аgglomerare ‒ бириктирүү, чогултуу) м е т а л л у р г и я д а ‒ эритүү үчүн зарыл формага ж-а касиетке (хим. курамына ж-а структурасына) келтирүү максатында кызытып бириктирүү жолу м-н майда материалдарды (кенташты, металл аралаш кенташ концентраттарын) ирилештирүүчү термиялык процесс. Термин 1887-ж. Ф. Геберлейн ж-а Т. Хантингтон (Улуу Британия) тарабынан сунушталган. Жогорку темп-рада (1150°С) кенташтын сырткы беттери бир аз жумшарып, бири бирине жабышып калат же беттериндеги жеӊил эрүүчү бирикмелер эрип, кенташ муздаганда бөлүкчөлөрдү чапташтырат. Кызытып бириктирүү үчүн зарыл жылуулук А-лануучу материалга кошулган көмүртектүү отундун күйүүсүнөн же күкүртүү кенташ концентраты А-ланганда, андагы сульфиддин кычкылданышынан бөлүнүп чыгат. Негизги баштапкы материалдары: майда күкүм түрүндөгү кенташ ж-а анын концентраты, 3 ммге чейинки кокс ж-а антрацит күкүмдөрү, боксит. Алынуучу өнүм (продукт) ‒ агломерат. Мунун 95%тен көбүрөөгү кара металлургияда алюминий, никель ж-а коргошун өндүрүшүндө колдонулат. А. процессинде негизги жумушту А-лык үзгүлтүксүз жылып туруучу тасмалуу машина аткарат. Бул машиналар өндүрүштө 1 жылда 2‒3 млн т агломератты өндүрөт. А-лык өндүрүш негизинен бардык катуу калдыктарды кайрадан иштете алат, бирок өндүрүштөн чыккан заттар (көмүртектин оксиди, күкүрт диоксиди, катуу бөлүкчөлөр ж.б.) атм-ны булгоочу булактардын бири болуп эсептелинет.
Ад.: Базилевич С. В., Вегман Е. Ф. Агломерация. М., 1967; Коротич В. И., Фролов Ю. А. Бездежский Г. Н. Агломерация рудных материалов. Екатеринбург, 2003.