Difference between revisions of "АВГУСТ КРИЗИСИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 1991 – СССРдин жогорку жетекчилер тобунун жаңы Союздук келишимге кол коюуну үзгүлтүккө учуратуу аракетинен улам келип чыккан саясий кризис. СССРдин айрым жетекчилери союздук келишимди «Совет мамлекетин кыйратуу аракети» катары баалап, өлкөнү аскердик төңкөрүш аркылуу сактап калууну чечишкен. КПСС БКнын Генералдык секретары М. С. Горбачевдун Крымда эс алып жүргөндүгүнөн пайдаланып, СССРдин жогорку жетекчилеринен турган топ 1991-ж. 19-августа расмий түрдө өзгөчө абал б-ча мамл. к-ттин (ГКЧП) түзүлгөндүгүн ж-а ал мамл. бийликти толук колуна алгандыгын жарыялаган. Анын ку рамына СССРдин вице-президенти Г. И. Янаев, премьер-министр В. С. Павлов, СССРдин президентине караштуу коргоо Советинин төрагасынын орун басары О. Д. Бакланов, Ички иш тер министри Б. К. Пуго, Коргоо министри Д. Т. Язов, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы В. А. Крючков ж. б. кирген. Москвадагы коммунисттик козголоңду кыргызстандык коммунисттердин жетекчилиги да колдоп чыккан. ГКЧП оппозициялык партиялардын ж-а кыймылдардын, айрым гезиттердин ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Москвага аскерлер киргизилген. ГКЧП уюштурулушуна каршы Москва, Ленинград, о. эле өлкөнүн башка шаарларында массалык демонстрациялар башталган. ГКЧПнын аракеттерине каршы кыймылдын башында РСФСРдин президенти Б. Н. Ель цин, о. эле РФнын башка жетекчилери турушкан. Кырг-ндын Президент баш болгон жаңы жетекчилиги, КДК сыяктуу демократиячыл күчтөр ж-а кыймылдар бул антиконституциялык түзүлүшкө каршы чыгышкан. Ал эми КРдин Президенти А. Акаев БУУга кайрылып, Кырг-ндын эгемендикке ж-а демокр. багытка ум тулган өлкө экендигин тастыктап, коммунист тик төңкөрүшчүлөргө каршы туруу үчүн эл аралык коомчулукка кайрылуу м-н чыккан. Б. Ельциндин указдарында ГКЧПнын аракеттери өлкөдө мамл. төңкөрүштү жасоо аракети ка тары айыпталган. 22-августа ГКЧПнын чыгуулары басылган. Анын жетекчилери, о. эле айрым саясий ишмерлер (анын ичинде СССР Жогорку Советинин төрагасы А. И. Лукьянов) камакка алынган (1994-ж. РФтин Мамл. Думасы тарабынан акталган). 23-августа Б. Ельцин-

дин указына ылайык, РСФСРдин аймагында Коммунисттик партиянын ишмердүүлүгү токтотулган. 24-августа СССРдин Президенти М. С. Гор бачев КПСС БКнын Генералдык секретары кызматынан кеткендигин билдирген. Латвия, Литва ж-а Эстония СССРдин курамынан чыккандыгы тууралуу жарыялаган. Алардын көз каранды эместиги СССРдин жетекчилиги тарабынан 1991-ж. 5-сентябрда таанылган. А. к. дезинте грация процессин ж-а андан аркы СССРдин ыдыроосун тездеткен. Коммунисттик төңкөрүш кулаган соң, 1991-ж. 31-августа КРдин Жогор ку Кеңеши «Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө» Декларацияны кабыл алып, Кырг-н өзүн расмий түрдө көз каранды эмес мамлекет катары жарыялаган.

А.	Орозов.