Difference between revisions of "АВАТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

, абат, авагат–

ичкилик уруу бирикмесиндеги ири уруулардын бири. Санжыралык маалыматтарда А. уруусунун түпкү теги ж-дө айтылбастан, тек гана ичкилик урууларынын бири экендиги көрсөтүлөт. Ушуга байланыштуу ил. божомолдор да азырак болуп, жалпы ичкилик урууларына берил ген мүнөздөмө б-ча кыргыздардын этностук ку рамына салыштырмалуу кийинки мезгилде кошулган этностук компонент катары саналат. Кыргыз уруулары ж-дө баяндаган 16-к-га таандык жазма булак - «Мажму ат-Таварихте» ичкилик урууларынын катарында А. уруусу аталган эмес. Буга караганда ичкилик уруулук тобуна А. 16-к-дан кийинки мезгилде гана кошулгандыгын айтса болот. Айрым тарыхый документтерде бул уруу түн. кыргыз уруулары нын катарында болуп, кийин ичкилик тобуна кошулгандыгын көргөзгөн маалыматтар да кез дешет. Аны уруунун ичиндеги айрым этникалык элементтер да тастыктайт. А. уруусу ич ара бир канча ири уруктарга (гүжөн, ботон-жанат, уста, токмок, жой, беглер, могол ж-а татар) бөлүнөт. Бул уруктардын ичинен А. уруусуна тыштан кирген элемент катары могол (могол уругу моңолдор м-н тыгыз байланышта болгондугун билүү кыйын эмес) ж-а татар уруктарын байкоого болот. А. уруусу негизинен Баткен облнун Баткен ж-а Лейлек р-ндорунун аймагын жердешет. Лейлектеги Катыраң, Өзгөрүш, Баул, ал эми Баткендеги Кулан, Говсувар, Самаркандек, Аксай, Актатыр, Жаңыбак, Капчыгай, Ортобоз, Үч-Дөбө ж. б., Жалал-Абад обл-ндагы Сузак р-нунун Абат, Таштакабат айылдарынын тургундарынын көпчүлүгү A-тар. Мындан тышкары, Тажикстан ж-а Өзбекстандын айрым жерлеринде да жашашат.
Ад.: Алымбеков Т. Кыргыз урууларынын чыгышы /КЖФ № 364; Жолдошев P. XVIII кылымдагы кыргыздардын уруулук курамы ж-а дуалдык-этносоциалдык уюму/ Кыргызстан: история и современность. Б., 2006.

Р.	Жолдошов.