Difference between revisions of "АБШЫР-САЙ (суу)"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы
иран тилдеринде: 1) об/аб - суу, шир - сүт, кырг.- сай; ак көбүктөнгөн суу; 2) обшир – шаркыратма; шаркыратмалуу сай Ош обл-ндагы суу. Кара-Дарыянын алабында. Уз. 62 км, алабынын аянты 230 км2. Кичи Алай кырка тоосунан башталат. Жогорку бөлүгүндө
кууш ж-а терең капчыгай аркылуу агып, Най ман кыш-нан кийин Фергана өрөөнүнө чыгат. Төмөнкү агымы Жылгын-Сай аталат. Ортонку агымында Абшыр-Сай шаркыратмасы, 89 чакан куймасы бар, ирилери: Маляран, Ширан ж. б. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык орт. чыгымы 1,68 м3/сек; эң көбү – 13,0 м3/сек, эң азы 0,51 м3/сек. Сугатка пайдалангандыктан Кара-Дарыяга жетпейт. Боюнда Көтөрмө, Найман кыш. жайгашкан.