Difference between revisions of "АБЛАКТИРОВКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

(лат. ablacto - баланы эмчектен чыгарам) – өсүмдүктүн бутагын кеспей, ийип кыйыштыруу жолу. Жанаша өскөн эки өсүмдүктүн бутагын бирдей өлчөмдө жонуп, жонгон жерди тийиштирип бекем байлайт. Кый ыштыруу үчүн жонулган үстүнкү бутакта бүчүр болуш керек. Кыйыштырылган жер толук бүтүп, бир жыл өткөндөн кийин калтырылган бүчүрдөн жаңы өркүн пайда болот. Мына ошондон ки йин гана кыйыштырылган жерден өйдөрөктөн бутак кесилет. А. көбүнчө мөмө бакты, кооз даракты ж-а жүзүмдү, бадалдарды түргө келтирип кыйыштырууда пайдаланылат.