Difference between revisions of "АБДЫРАМАНОВ Шабданбай"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Шабданбай (24. 12. 1930, Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Кыз-Көл айылы – 4.1. 1998, Бишкек) – жазуучу, драматург, Кыргыз эл жазуучусу (1995). 1948-ж. Жалал-Абад
АБДЫРАМАНОВ47.png

пед. окуу жайын, 1950-ж.Жалал-Абад мугалимдер ин-тун, 1959-ж. КМУнун филология ф-тин, 1964-ж. Москвадагы СССР ЖСнун алдындагы Жогорку адабий курсту бүтүргөн. 1950–52-ж. Кыз-Көл орто мектебинде мугалим, 1952–59-ж. директор, 1964–66-ж. Кырг-н ЖСнун Ош обл. бөлүмүндө адабий кеңешчи, жооптуу секретарь, 1966-жылдан Ош обл. «Ленин йули»гезитинде кабарчы болуп иштеген. А. чыгармачылыгын ыр жазуу м-н баштап, 1960-ж. негизинен кара сөз ж-а драматургия жанрында эмгектенген. Анын бир топ аңгемелери жанрдын мыкты туундусу катары бааланып, чет тилдерге которулган. 1968-ж. «Дыйкандар» романынын журналдык варианты чыккан. Чыгарма большевиктик сынга кабылып, автор бир нече жыл куугунтукталган. Айыл чарбасындагы терс көрүнүштөрдү көркөм образдар аркылуу таасын ачып берген бул чыгарма - жазуучунун роман жанрындагы ири ийгилиги. Большевиктик сындын талабына ылайык романдын оңдолуп, кеңейтилип жазылган 2-варианты 1977-ж. ж-а 1991-ж. жарыкка чыккан. «Май түнүндө» (1957) аттуу алгачкы ыр жыйнагы, «Өкүм» (1966), «Арстанбап аймагында» (1965), «Ак жүрөк адамдар» (1973) аттуу повесттери, «Гүлазык» (1975), «Тагдыр» (1971), «Жашыл аалам» (1982), «Токуучулар» (1985) романдары ж-а «Домоктун кылычы», «Токтогул», «Анжиян көтөрүлүшү», «Чыйбыл болуш», «Алымбек датка», «Полотхан» сыяктуу драмалык чыгармалары, тарыхый эсселери бар. А-дун публицист катары жаратылышты коргоо, айрыкча, түштүктүн жаңгак токойлорун сактап калуу ж-а аны туура пайдалануу тууралуу жазган макалалары журтчулуктун көңүлүндөгү көйгөйлүү маселелерди козгогон.