Difference between revisions of "АБДЫБЕКОВ Садырбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Садырбек (1871, Ысык-Көл обл.,Ысык-Көл р-ну, Тору-Айгыр айылы – 1950,Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Жол-Колот айылы) – мергенчи, натуралист, саякатчы, тилмеч. 18-к-дын аягынан тартып орус (А. А. Куценко, 1901; В. Н. Шнитников ж. б.) ж-а чет өлкөлүк (Д. Алмаши, 1900; Г. Мерцбахер, 1902-03; Д. Принц, 1906 ж. б.) ил. экспедицияларга катышкан. Алар м-н Теңир-Тоонун Күнгөй–Тескей, Сары-Жаз, Көөлү, Арпа, Суусамыр, Балгарт ж. б. көп жерлерин (1890–1943), Иле өрөөнүн (1909, 1912-13), Балкаш көлүнүн жээктерин (1913), Жунгар тоолору м-н Ала-Көлдү (1914), Күнөс, Текес, Борохорону (1916-21) ж. б. жерлерди кыдырып чыгып, Россиянын (Москва, Пе тербург) ж-а чет өлкөлөрдүн (Будапешт, Лондон, Мюнхен ж. б.) бир топ музейлерин көп сандаган коллекциялар м-н жабдыган. Кырг-нда мамл. адчылыкты уюштуруучулардын бири. Аңчылар союзунун башкармасына шайланган. 1930-жылдан баштап Пржевальскидеги чумага каршы станциянын ил. кызматкери катары бир нече экспедицияга катышкан. Фрунзедеги (1926)

ж-а Пржевальскидеги (1928–29) мекен таануу музейлерин уюштурууга катышьш, аларга өзү даярдаган коллекцияларын берген. Кыргыз жергесин, анын табиятын, өзгөчө айбанаттарын жакты билген.