Difference between revisions of "АБДУЛКАДЫР Инан"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
9-71>KadyrM |
(Айырма жок)
|
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы
Инан (1889, Башкыртстан Республикасы, Екатеринбург-Чыгай - 1976, Ан кара ш.) - окумуштуу, манас изилдөөчү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, ки йин Троицкидеги Расулис мектебин бүтүргөн. Алгачкы ил. макаласы 1908-ж. Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган. 1914-ж. Жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-ж. «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1915-23-ж. мектептерде мугалим болуп иштеген. 1925-ж. Стамбулга келип, Түркология ин-тунда түрк элдеринин фольклору тууралуу ил. иштерин улант кан. 1933-ж. Түрк тил коомунун чакыруусу м-н Анкарага келет. 1935-ж. Ататүрктүн буйругу м-н чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы ж-дө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, ил. эмгектерди жазган. 1936-68-ж. «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили б-ча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген ж-а анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк мад-тын изилдөө интунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү.