Difference between revisions of "АБДУКАИМОВ Узакбай"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Узакбай (1909, Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Багыш айылы – 12. 9. 1963, Бишкек) – жазуучу, котормочу. Ташкенттеги балдар үйүнө (1923) кабыл алынып, кийин Ка

зак-кыргыз агартуу ин-тунда (1924-25) окуган. Кыргыз педтехникумун бүткөн (1929). Москвадагы СССР элдеринин Борб. басмасынын кыргыз бөлүмүндө редактор (1930-31), Тил, адабият ж-a тарых ин-тунун ил. кызматкери (1933-37), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942-45), Кыргыз мамл. басмасында
редактор (1946), Кырг-н ЖСна адабий консультант (1947-49) болуп иштеген. 1927-ж. «Жаңы маданият жолунда» журналында «Таң» аттуу алгачкы новелласы жарык көргөн. 1933-ж. 3класс, 7-класс үчүн ад-т б-ча хрестоматия түзгөн, «Студент менен студенткага» поэмасын (1934), «Кыздын таалайы» (1939-40) повестин жазган. А. - чебер котормочу катары кыргыз көркөм

АБДУКАИМОВ29.png

котормосуна негиз салгандардын бири. А. С. Пушкиндин «Борис Годунов», «Полтава» поэмаларын ж-a жомокторун, лирикалык ырларын,
Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү», Л. Леоновдун «Чабуул», Н. А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр», Мольердин «Жорж Данден, же акмак болгон күйөө» пьесаларын, М. Горькийдин «Көрүнгөндүн колунда» повестин, К. Чуковскийдин «Бибигон» жомогун, А. А. Фадеевдин «Жаш гвардия» романын ж. б. которгон. «Айдар жана Айша» операсынын либреттосун (1948), «Ашык жар», «Эмгек маршы», «Пионерлер ыры» сыяктуу элге кеңири тараган ырларды жазган. 1950ж-дын аягы 60-ж-дын башында А-дун чыг-лык өнөрүндө кескин бурулуш жасалган. «Майдан» романынын жарыкка чыгышы (1-китеп, 1961), көп жылдык көркөм котормочулук тажрыйбасы, дүйнөлүк классикадан алган сабактары, ички даярдыгына кошумча сырткы шарттардын түзүлө калышы (И. Сталиндин сындалышы), чыныгы согуш майданын кан кечип жүрүп, өз көзү м-н көрүшү - табиятынан таланттуу калемгерге Европа тибиндеги анык реалисттик профессионал романдын жаңы үлгүсүн жаратууга өбөлгө түздү. «Майдан» романы орус тилине которулган (1972). А. бир нече адабий макала м-н очерктерди жазган. Кызыл Жылдыз ордени ж-a медалдар м-н сыйланган.
Чыг.: Майдан. Ф., 1966; Битва (перевод с кыргызского В. Рослякова, с предисловием Ч. Айтматова). М., 1972.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2003.