Difference between revisions of "АББАС I"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
9-71>KadyrM |
(Айырма жок)
|
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы
(27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – Ирандын шахы (1587-жылдан), Сефевиддер династиясынан. Борборлоштурулган бийликти бекемдеп, түрктөрдөн эмес, отурукташкан ирандыктардан түзүлгөн жарандык бюрократиянын ролун күчөткөн. А. I Ирандын борб. райондорун чет жакадагы аймактардын ж-а багындырылган өлкөлөрдүн эсебинен чыңдаган. Анын тушунда мамлекеттин борбору Исфакан ш-на (1598) көчүрүлөт. Ирандын ички провинцияларына армян, грузин, азербайжан, курд кол өнөрчүлөрүн ж-а дыйкандарды күч м-н жер которуштурган. Өлкөдө жолдор, каналдар, кербен сарайлар салынган, регулярдуу аскерлерди топтогон. Түркия м-н согушуп, Закавказье, Ирак, Хорасандагы үстөмдүгүн калыбына келтирген ж-а Бахрейн а-н, Кандагарды ж-а Ормуз а-н басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн мад-тына кызыккан, бир катар өлкөлөр м-н соода ж-а сая сий мамилелерди түзгөн. А-тын тушунда Иран көз каранды эместикке жетишкен ж-а өзгөчө күчтүү өлкөгө айланган.