Difference between revisions of "АК-ТЕРЕК-КАБА ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
1 -сап: 1 -сап:
   Түш. Кырг-нда. Базар-Коргон р-нунун аймагында. Кара-Үӊкүр суусунун оӊ куймасынын өрөөнүн ээлейт. Бабаш-Ата кырка тоосунун түш. этегинде, түндүктөн түштүктү карай 32 ''км''ге созулуп жатат. Туурасы 3‒4 ''км. ''Деӊиз деӊг. бийикт. 1600‒1800 ''м. ''Өрөөн жалпы жонунан V формасында болуп, тектон. кыймылдан ж-а эрозиядан пайда болгон. Өрөөн аркылуу 16 ''км'' өйдө карай этек тоолуу рельеф басымдуулук кылат. Сол жагында байыркы денудациялык түздүктөр бар. Улам жогорулаганда өрөөн куушурулат. Кыска ж-а тереӊ кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Таманы кууш; эки тектир даана байкалат. Суу жээктери тик жардуу, жогору жагы аскалуу. Тоо беттерине борчук аскалар мүнөздүү. Төмөн жагы неогендин, төрү палеозойдун кумдук, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. темп-расы 20,1°С, январдыкы ‒2,6°С. Жылдык орт. жаан-чачы ны 901 ''мм''. өрөөн аркылуу Каба (сол куймасы‒ Ак-Терек) суусу агат. Өрөөндүн ландшаф ты өтө кооз. Суу жээгиндеги жайылмаларда тал, терек, долоно, четин, шилби, ит мурун ж.б., тоо капталдарында мисте өсөт. Улам жогорулаган сайын мисте, ак чечектүү токой түнт мөмө-жемиш ж-а жаӊгак токою м-н алмашат. Жаӊгак токоюнун арасында жапайы алма, алмурут, алчанын 3 түрү, карагат, айвансари, бүлдүркөн сыяктуу жер-жемиштер, о. эле долоно, ак чечек, ак кайыӊ, четин, ыргай, шилби, ит мурун, табылгы ж. б. өсөт. Өрөөндө Өзбек-Каба, Кыргыз-Каба, Жай-Терек кыш. ж-а КР УИАнын Биология ин-тунун байкоо жүргүзүүчү пункту бар.<br>
   Түш. Кырг-нда. Базар-Коргон р-нунун аймагында. Кара-Үӊкүр суусунун оӊ куймасынын өрөөнүн ээлейт. Бабаш-Ата кырка тоосунун түш. этегинде, түндүктөн түштүктү карай 32 ''км''ге созулуп жатат. Туурасы 3‒4 ''км. ''Деӊиз деӊг. бийикт. 1600‒1800 ''м. ''Өрөөн жалпы жонунан V формасында болуп, тектон. кыймылдан ж-а эрозиядан пайда болгон. Өрөөн аркылуу 16 ''км'' өйдө карай этек тоолуу рельеф басымдуулук кылат. Сол жагында байыркы денудациялык түздүктөр бар. Улам жогорулаганда өрөөн куушурулат. Кыска ж-а тереӊ кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Таманы кууш; эки тектир даана байкалат. Суу жээктери тик жардуу, жогору жагы аскалуу. Тоо беттерине борчук аскалар мүнөздүү. Төмөн жагы неогендин, төрү палеозойдун кумдук, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. темп-расы 20,1°С, январдыкы ‒2,6°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 901 ''мм''. өрөөн аркылуу Каба (сол куймасы ‒ Ак-Терек) суусу агат. Өрөөндүн ландшафты өтө кооз. Суу жээгиндеги жайылмаларда тал, терек, долоно, четин, шилби, ит мурун ж.б., тоо капталдарында мисте өсөт. Улам жогорулаган сайын мисте, ак чечектүү токой түнт мөмө-жемиш ж-а жаӊгак токою м-н алмашат. Жаӊгак токоюнун арасында жапайы алма, алмурут, алчанын 3 түрү, карагат, айвансари, бүлдүркөн сыяктуу жер-жемиштер, о. эле долоно, ак чечек, ак кайыӊ, четин, ыргай, шилби, ит мурун, табылгы ж. б. өсөт. Өрөөндө Өзбек-Каба, Кыргыз-Каба, Жай-Терек кыш. ж-а КР УИАнын Биология ин-тунун байкоо жүргүзүүчү пункту бар.<br>
 

11:42, 1 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

 Түш. Кырг-нда. Базар-Коргон р-нунун аймагында. Кара-Үӊкүр суусунун оӊ куймасынын өрөөнүн ээлейт. Бабаш-Ата кырка тоосунун түш. этегинде, түндүктөн түштүктү карай 32 кмге созулуп жатат. Туурасы 3‒4 км. Деӊиз деӊг. бийикт. 1600‒1800 м. Өрөөн жалпы жонунан V формасында болуп, тектон. кыймылдан ж-а эрозиядан пайда болгон. Өрөөн аркылуу 16 км өйдө карай этек тоолуу рельеф басымдуулук кылат. Сол жагында байыркы денудациялык түздүктөр бар. Улам жогорулаганда өрөөн куушурулат. Кыска ж-а тереӊ кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Таманы кууш; эки тектир даана байкалат. Суу жээктери тик жардуу, жогору жагы аскалуу. Тоо беттерине борчук аскалар мүнөздүү. Төмөн жагы неогендин, төрү палеозойдун кумдук, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. темп-расы 20,1°С, январдыкы ‒2,6°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 901 мм. өрөөн аркылуу Каба (сол куймасы ‒ Ак-Терек) суусу агат. Өрөөндүн ландшафты өтө кооз. Суу жээгиндеги жайылмаларда тал, терек, долоно, четин, шилби, ит мурун ж.б., тоо капталдарында мисте өсөт. Улам жогорулаган сайын мисте, ак чечектүү токой түнт мөмө-жемиш ж-а жаӊгак токою м-н алмашат. Жаӊгак токоюнун арасында жапайы алма, алмурут, алчанын 3 түрү, карагат, айвансари, бүлдүркөн сыяктуу жер-жемиштер, о. эле долоно, ак чечек, ак кайыӊ, четин, ыргай, шилби, ит мурун, табылгы ж. б. өсөт. Өрөөндө Өзбек-Каба, Кыргыз-Каба, Жай-Терек кыш. ж-а КР УИАнын Биология ин-тунун байкоо жүргүзүүчү пункту бар.