Difference between revisions of "БАГРАТИОНДОР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

‒ 9‒19-к-дагы грузин падышаларынын династиясы. Б. Спери (Түркияда гы азыркы Испири) провинциясынан чыгышкан. 9-к-дын 1-жарымында Ашот I Түш. Грузияда күчтүү Тао-Кларжети княздыгын түзөт. Давид Строитель (1089‒1125), Георгий III (1156‒84), Тамара (1184‒1213) Б-дун көрүнүктүү өкүлдөрү болушкан. 15-к-дын аягында Грузия мамлекети кулагандан кийин, Б. Картлий, Кахетин ж-а Имеретин падышачылыктарын башкарган. Б-дун падышалык бийлиги 1801-ж. Грузия Россиянын курамына кошулгандан кийин жоюлуп, анын бир бутагы орус княздарынын катарына кошулган. Б-дон Вахушти, Давид өӊдүү тарыхчылар, орус полководеци П. И. Багратион сыяктуу белгилүү адамдар чыккан.