Difference between revisions of "БАБУР"
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
|
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
З а х и р а д-д и н М у х а м м е д [14. 2. 1483, Фергана өрөөнү, Аксыкент (Ахси) ш. ‒ 26. 12. 1530, Индостан, Агра ш.] ‒ Индияда Моголдор мамлекетинин (1526) негиздөөчүсү;
мамл. ишмер, акын ж-а жазуучу. Тимуриддер тукумунан; Омор-Шайыктын уулу. Б. 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган. Аз убакыт ичинде ал Исфара, Кожент ж. б. ш-ды өзүнө багындырган. Аму-Дарыя м-н Сыр-Дарыянын аралыгында (Мавераннахр) бирдиктүү мамлекет курууга аракеттенген ж-а аны
ишке ашыруу үчүн башка хандар ж-а бектер м-н таймашып келген. 1501-ж. Б. Самарканды басып алган, бирок Мухаммед Шейбанинин аскерлерине туруштук бере албай, ошол эле жылы шаарды калтырып кеткен. 1504-ж. Шейбани башында турган көчмөн өзбектер Б-ду Ферганадан кууп чыккан соӊ, ал Афганстанга кетүүгө аргасыз болгон. Ошол эле жылы Б. азыркы Кабул ш-н каратып алган. Анын 1512-жылга чейин өз мекени Бухара м-н Самарканд аймактарын кайра алуу үчүн күрөшүнөн майнап чыккан эмес. 1519-ж. Б. Индияга жортуул жасап, 1525-ж. Делиге аттанган. Делинин башкаруучусу Ибрагим Лоди м-н 1526-ж. Панипата талаасында, 1527-ж. Раджпут князы Сангра Сингхти Кхануанын жанында жеӊип чы гып, 1529-жылга чейин ал Чыгыш Афганстанды, Пенджабды, Ганг өрөөнүн Бенгали янын чегине чейин өзүнө каратып
алып, бул аймакта Могол империясын негиздеген. Мамлекеттин борбору Дели ш. болгон. Б. мамлекеттин экономикасын, сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурган. Шейбаниддер мам
лекети м-н жоолашып келгендигине карабастан О. Азия элдери м-н соода ж-а элчилик карым-катнаштарды түзүүгө аракеттенген. Орус жылнаамалык даректерине караганда Б. Россияга, Василий III Ивановичке достук, соода катнаштарын түзүү тууралуу кат жазып, 1532-ж. элчи жиберет. Жаӊы мамлекет ‒ Улуу Моголдор империясы Индияны англичандар басып алганга чейин (1856) өкүм сүргөн. Б. Агра ш-нда дүйнөдөн кайтып, сөөгү Кабул ш-на алып келинип, Шердарбаза тоосунун этегине коюлган. Бул жер «Бабур багы» деп аталат. Ал өзүнүн өмүр жолу, саясий ишмердиги тууралуу атактуу «Бабур-наама» китебин жазган. Б. лирикалык ырлардын, аруз ж-дөгү трактаттын (ыр жазуу өнөрү тууралуу) бир канча китептердин автору. Көп эмгектери кыргыз тилине да которулган.
Чыг.: Анрика. М., 1957; Бабур-наме. Записки Бабура //Пер. М. Салье, Таш., 1958; Бабур-нае// Бабур З. М. [Избранное Таш. 1982. Кн.2]
Ад.: Кор-Оглы Х. Г., Узбекская литература. М., 1968; Азимжанова С. А. Государство Бабура в Кабуле и в Индии. М. 1977; Алаев Л. Б. Средневековая Индия. СП б., 2003. З. Эралиев.