Difference between revisions of "БАБАШ-АТА КЫРКА ТООСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ Фергана тоо тизмегинин түн.-батыш бөлүгү. Унтама, Алаш-Тоо, Ангырак-Тоо массивдеринен турат. Батышынан Нарын д., чыгышынан Кара-Үӊкүр суусунун алабы, түштүгүнөн Фергана өрөөнү м-н чектешет. Орт. бийикт. 3480 м, эӊ бийик жери ‒ 4427м, Бабаш-Ата чокусу. Уз. 70 кмдей, туурасы 25 км. Түн.-чыгышы түш.-батышынан бийигирээк, зоокалуу чокулары мөӊгүлүү; түш.-батыш жагы жапызыраак. Каптал беттери аскалуу, шагыл таштуу ж-а урандылуу. Түзүлүшү б-ча горст-моноклиналь. Палеозойдун сланец ж-а акиташ тектеринен түзүлгөн. Кышы узак, суук, жайы салкын. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 мм. Алаш-Тоодогу кайкыда саздар ж-а башаттар көп. Майлы-Сай, Кара-Үӊкүр ж. б. суулар Бабаш-Атадан башталат. Кырка тоонун түш., түш.-чыгыш капталдарына кургак талаа (800‒1000 м), талаа ж-а шалбаалуу талаа (1000‒1700 м), токой, бийик чөптүү шалбаа (1700‒2800 м), субальп (2800‒3000 м), альп шалбаасы (3000‒3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден өйдө); түн.-батыш капталдарына талаа (1000‒1700 м), шалбаалуу талаа ж-а шалбаа (1700‒3000 м), субальп ж-а альп шалбаа (3000‒3500м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Алма, алча өӊдүү жапайы дарактар, жаӊгак токою (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр өрөөндөрүндө) жыш. малга жайлуу. Ө. Бараталиев.