Difference between revisions of "БАБА ДЫЙКАН"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
|
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ дыйканчылык м-н кесип кылган о. азия элдериндеги диндик, мифология лык түшүнүк. Дыйканчылыктын колдоочусу (пири) эгинди аралап кетсе, дан мол болот деген ишеним болгон. Адегенде бутпарастык, кийин диндик ынанымда пайдаланган. Ал аксакал карыя же канаттуу (көгүчкөн, кыргоол) түрүндө көрүнөт экен деп ойлошкон. Түшүм мол болсун үчүн, анын урматына ырым-жырымдар ды (сыйынуу, түлөө) өткөрүшкөн. Б. д. түшүнүгү мыкты дыйкан деген мааниде да колдонулат.