Difference between revisions of "АЭРОЫКМАЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 Ж е р д и и з и л д ө ө д ө ‒ жер бетин, андагы кубулуштарды, табигый ж-а өздөштүрүлгөн ландшафттарды атайын жабдылган самолёттун, вертолёттун, спутниктин же ракетанын жардамы м-н изилдөө ж-а картага түшүрүү жолдору. Жер бетинин ж-а андагы кубулуштардын физ. касиеттери электр-магниттик толкундардын ар кандай спектр зоналары б-ча түрдүү аспаптар м-н абадан кабыл алынып катталат. Ошого байланыштуу А. аэрофотографиялык, фотоэлектрондук, аэрогеофиз. ж-а аэровизуалдык болуп бөлүнөт. А-дун 1-этабы ‒ жер бетинин көрүнүшүн учуучу аппараттан сүрөт же регистрограмма түрүндө тартып алуудан, 2-этабы алардын мазмунун изилдөөдөн турат. А-дун негизинде жер бети ж-а андагы кубулуштар ж-дө көп маалымат качан бул эки этап өзгөчөлү

гүнө ж-а коюлган максаттын маанисине жараша бирин бири толуктаганда гана алынат. А. түрдүү изилдөө процесстерин ылдамдатуу ж-а эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу м-н алардын сапаттуулугун арттырып, изилдөөгө көмөк берет. Өз алдынча же жер бетинде колдонулуучу башка ыкмалар м-н бирге (геология да, геодезияда, токой чарбасында ж. б.) кеӊири пайдаланылат.
Ад.: Аэрометоды изучения природных ресурсов. М., 1962; Аэрометоды при геологической съёмке и поисках полезных ископаемых. Т. 1‒2. М., 1964; Борщ‒Компониец В. И. Геодезия. Основы Аэрофото съемки и маркшейдерского дела. М., 1984.