Difference between revisions of "АЭРОЧАНА"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ кыймылдаткыч айландырган аба буралгысынын (винтинин) тартуу күчү м-н карда же музда сыйгаланып жыла турган мех. чана. А-нын лыжаларга орнотулган чанагы (кузову) жеӊил материалдан жасалып, аны кыймылга келтирүү үчүн кубаттуулугу 25 а.кнөн кем эмес авиац. кыймылдаткыч колдонулат. Чананын артында 2 лыжа, алды жагында руль механизми м-н башкарыла турган 1 же 2 лыжа
орнотулат. Лыжалар жыгачтан жасалып, таманына металл капталат же бүтүндөй калдыркан дюралюминийден жасалат . А-нын ылдамдыгы 25‒140 км/с. Түндүктө байланыш түзүүдө, арктика экспедицияларында, аэродромдо пайдаланылат.