Difference between revisions of "АЭРОФОТОТОПОГРАФИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ топографиянын аэросүрөттөр б-ча топографиялык карталарды түзүү ыкмаларын изилдөөчү тармагы. А-да айкалыштырылган (комбинацияланган) ж-а стереотопогр. эки ыкма пайдаланылат. Биринчисинде картанын контурдук бөлүгү аэросүрөттөрдүн негизинде түзүлүп, ал эми жер бетинин түзүлүш рельефи мензулдук съемка б-ча түшүрүлгөн горизонталдар м-н көрсөтүлөт. Экинчиси ‒1:2000 ж-а андан кичине масштабдагы топографиялык карталарды түзүүдө негизги ыкма, анда горизонталдар аэросүрөттөрдөн фотограм метриялык жол м-н чийилет. Стереотопографиялык карта түзүүнүн негизги процесстерине: аэросүрөттөрдү тартуу, фотографиялык ж-а талаадагы топографиялык-геод. иштерди жүргүзүү, о. эле фотограмметриялык иштетүүлөр кирет. Топографиялык‒геод. иштерде аэросүрөттөгү даана көрүнгөн кээ бир чекиттердин (нерселердин) геод. координаттары талаада аныкталат. Бул жер бетиндеги геод. координаталарды аныктоочу чекиттердин саны түзүлүүчү картанын масштабына, жердин физ.-геогр. шартына ж-а аэросүрөттүн сапатына жараша болот.

Ад.: Веселовский Н. Н. Аэрофототопография. М., 1958; Коншин М. Д. Аэрофотограмметрия. М., 1967; Лаврова Н. П., Стеценко А. Ф. Аэрофотосъемка. М., 1981. Лобанов А. Н. Фототопография. М., 1983.