Difference between revisions of "АЭРОЗОЛЬ ТЕРАПИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ оорулууну дары дисперсиялары м-н аэрозолдоп дарылоо ж-а ооруну алдын алуу ыкмасы. Мында дарылар аэрозоль түрүндө жаранын бетине, былжыр катмарларга себилет ж-а ингаляция түрүндө дем алуу жолдору аркылуу организмге жиберилет. Аэрозолдун дисперсиялык бөлүкчөлөрү өтө майда болгондуктан , алар бронхторго, альвеолаларга чейин кирип, андан канга тез өтөт. Аэрозолдор табигый ж-а жасалма болуп бөлүнөт. Табигый А. т-на табигый шартта деӊиз, көл сууларынын микроэлементтери, кээ бир өсүмдүктөр (ийне жалбырактуулар, камфора дарагы, ак кайыӊ ж. б.) бөлүп чыгарган заттар ж-а фитонциддер аралашкан таза аба м-н дем алуу кирет. Жасалма аэрозолдор ар түрдүү дары касиети бар заттардан, өсүмдүктөрдөн ж. б. жасалат.