Difference between revisions of "АШУУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
|
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ тоолордун кыр бөлүктөрүндөгү жапызыраак, ашып өтүүгө ыӊгайлуу кайкы жери; адатта эки өрөөндү байланыштырып турат. Айрым А-лар кар-мөӊгүлүү зонада жатат. Пайда болушу б-ча тектон., эрозиялык ж-а мөӊгүнүн аракетинен жаралган А-лар болуп бөлүнөт. А-лардан өткөн жолдор жыл бою (мис., Төө-Ашуу) ачык болот, айрымдары гана кар көп түшүп, же кар, көчкү басып, кышында жабылып калат. Кырг-ндагы маанилүү ашуулар: Төө-Ашуу, Долон, Ала-Бел, Талдык, Кызыларт, Чапчыма, Торугарт ж. б. А. бел, дабан, өтмөк, арт ж-а ажык деп да аталат.
Table 1: Кыргызстандагы маанилүү ашуулар
Ашуунун аты | Деӊиз деӊг.бийиктиги (м) | Жайгашкан орду | Ашуулардан өтүүчү маанилүү авт. жолдору |
1 | 2 | 3 | 4 |
Ак-Бейит | 3286 | Ат-Башы кырка тоосунун батыш учу м-н Арпанын Ала-Тоосунда | Бишкек ‒ Торугарт |
Ала-Бел | 3184 | Талас Ала-Тоосу м-н Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде | Бишкек ‒ Ош |
Барскон | 3756 | Тескей Ала-Тоонун борб. бөлүгүндө | Ысык-Көл ‒ Кум-Төр |
Беш-Таш | 3578 | Талас Ала-Тоосунун түн.-чыгышында | Талас ‒ Кетмен-Төбө |
Долон | 3030 | Байдулу ж-а Соӊкөл тоолорунун кесилишинде | Бишкек ‒ Торугарт |
Кара-Буура | 3305 | Талас Ала-Тоосунда (Кара-Буура ж-а Каракасмак сууларынын башында) | Талас ‒ Чаткал |
Карагөө | 2800 | Молдо-Тоодо | Бишкек ‒ Тогуз-Торо |
Катынарт | 3514 | Алай кырка тоосунда | Ош ‒ Хорог |
Көгарт | 3319 | Фергана тоо тизмегинде (Көгарт суусунун башында) | Көгарт ‒ Тогуз-Торо |
Кубакы | 2350 | Кыргыз Ала-Тоосунун чыгышында | Боом ‒ Орто-Токой |
Кызарт | 2664 | Сандык ж-а Кызарт тоолорунун аралыгында | Кочкор ‒ Жумгал |
Кызыларт | 4280 | Чоӊ Алай тоосунда (Кызыларт суусунун башында) | Ош ‒ Хорог |
Кызыл-Бел-Чар | 2600 | Нарын кырка тоосу м-н Ала-Мышык тоосунун тутумдашкан жеринде | Бишкек ‒ Торугарт |
Өтмөк | 3330 | Талас Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүндө | Талас ‒ Суусамыр |
Талдык | 3615 | Алай кырка тоосунда | Ош ‒ Хорог |
Тоӊ-Мурун | 3536 | Алай ж-а Чоӊ Алай кырка тоолорунун аралыгындагы белбаскакта | Улуу Жибек жолунун бир тармагы өткөн |
Торугарт | 3752 | Торугарт кырка тоосунун чыгыш жагында | Нарын ‒ Кашкар |
Тосор | 3893 | Тескей Ала-Тоодо (Тосор ж-а Үч-Эмчек сууларынынбашталышында) | Ысык-Көл ‒ Сырт |
Төө-Ашуу | 3586 | Кыргыз Ала-Тоосунун борб. бөлүгүндө | Бишкек ‒ Ош |
Чанач | 3408 | Чаткал кырка тоосунун орто бөлүгүндө | Фергана ‒ Чаткал |
Чапчыма | 2841 | Чаткал кырка тоосунун борб. бөлүгүндө | Касан-Сай ‒ Чаткал |
Чоӊ Ашуу | 3822 | Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүндө | Ысык-Көл ‒ Сары-Жаз |
Чыйырчык | 2402 | Алай кырка тоосунда | Ош ‒ Хорог |
Чытты | 3572 | Фергана тоо тизмегинде (Чытты ж-а Бычан сууларынын башында) | Фергана ‒ Арпа |