Difference between revisions of "ЖАР КӨРҮШҮҮ кошумча маалымат"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''ЖАР КӨРҮШҮҮ''' – кыз оюндарында аткарылчу салт ыры. Жигиттер менен кыздар экиге бөлүнүп, музык...")
 
 
(Айырма жок)

11:21, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы

ЖАР КӨРҮШҮҮ – кыз оюндарында аткарылчу салт ыры. Жигиттер менен кыздар экиге бөлүнүп, музыкалык аспаптардын (комуздун, кыл кыяктын жана башка) коштоосунда (кээде коштоосуз эле) кайым айтышкан жана ар бир тарап өзүнүн сөз тапкычтыгын, аткаруучулук чеберчилигин көрсөткөн. Оюнда кыздар менен жигиттер жеке же кошулуп секетпай-күйгөндөрү, ашыктык ырларын ар кандай обондордо ырдашкан. Кыргыздын жар көрүшүүсүндө, үйлөнүү тойлорунда ырдалган өзбектердин «Ёр-Ёр», казактын «Жар-жарына» мазмундаш «Жар-жар ай» аттуу той ыры да аткарылган. Аларды кыздар, келиндер, жигиттер ырдашкан. Композитор А. Түлөев, акын А. Осмоновдун сөзүнө «Жар көрүшүү» аттуу хорду жазган.