Difference between revisions of "ИРАК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
(Айырма жок)

12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИРА́К , И р а к Р е с п у б л и к а с ы (Аль- Жумхурия аль-Иракия) – Түш.-Батыш Азияда­гы мамлекет, Месопотамияда. Түндүгүнөн Түр­кия, чыгышынан Иран, батышынан Иордания ж-а Сирия, түштүгүнөн ж-а түш.-батышынан Сауд Арабиясы, түш.-чыгышынан Кувейт, ба­тышынан Иордания м-н чектешет; түш.-чыгы­шын Перс булуңу чулгайт. Аянты 435 миң км2; И-тын курамына И. м-н Сауд Арабиясынын ор­тосундагы бейтарап аймактын 3,5 миң км2 жери

кирет. Калкы 34,8 млн (2008). Борбору – Баг­дад. Расмий тили – араб ж-а күрд тилдери. Акча бирдиги – И. динары. Адм.-айм. жактан 18 му­хафазага бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица бар

И. – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл ара­лык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК; 1960), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945); Ислам конф-ясы уюмунун (1975) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. И – федерациялык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Конституциясы 2005-ж. кабыл алынган. Мамлекет башчысы – президент (4 жылдык мөөнөткө парламенттин төмөнкү па­латасы тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу парламентке (Өкүлдөр кеңеши ж-а Кеңештер союзу) таандык. Мыйзам чыгаруу бийлиги премьер-министр башында тур­ган Министрлер кеңеши тарабынан ишке ашы­рылат. Жерг. башкарууну мухафазаларда гу­бернаторлор жүргүзөт. Сот системасы адат, ди­ний (шарият) ж-а атайын (рев-ялык) соттордон турат. Конституциясы исламды мамлекеттин рас­мий дини ж-а мыйзамдуулуктун негизги була­гы катары жарыялаган. Конституция б-ча ис­ламдын негизги нормаларына каршы келген бир да мыйзам кабыл алынбайт.
Саясий партиялары: И. Ислам рев-ясынын жо­горку кеңеши, «Ислам чакырыгы» («Даава»), Араб соц. кайра жаралуу партиясы, Ирак ком­мунисттик партиясы, Күрдстан демократиялык партиясы ж. б.

Табияты

. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн Месопо­тамия ойдуңу ээлейт. Түн.-батышында Жезире платосу, батышында Сирия чөлүнүн анча бийик эмес бөксө тоосу жайгашкан. Түндүгүндө ж-а түн.-чыгышында Армян, Иран тайпак тоолору­нун (бийикт. 3598 мге чейин, Иран м-н чектеш­кен жерде) тармактары жатат. Климаты түн. бөлүгүндө субтропиктик континенттик. Мосул­да январдын орт. темп-расы 7°С, июлдуку 34°С, түштүгүндө жайкысын 50°Сге чейин ысыйт.

Файл:ИРАК45.png
Ирактын түн.-чыгышындагы ариддүү жапыз тоолуу рельеф.

Өлкөнүн түш. бөлүгүндө тропиктик континент­тик; январдын орт. темп-расы 12°С, августтуку 34°С, эң ысыганда 48°Сге чейин (Басрада) же­тет. Жылдык жаан-чачыны тоолуу аймагында 500–1500 мм, түш.-чыгышында 50–150 мм. Жаан-чачындын басымдуу бөлүгү декабрдан ап­релге чейин жаайт. Өлкөнүн түштүгүндө чаңдуу бороон болуп турат. Негизги дарыялары: Евф­рат м-н Тигр (төмөнкү агымдарында кошулуп Шатт-эль-Араб д-н түзөт). Өлкөнүн чөлдүү жер­леринде вади (мезгил-мезгили м-н суу аккан нуктар) көп. Жарым чөл ж-а талаа, түштүгү м-н батышында чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Да­рыя бойлорунда галерея токою, курма пальма­сы өсөт. Токой И-тын аймагынын 20%ин ээлейт. И. кен байлыктарга бай; а. и. нефтинин, газ­дын, битумдун ж-а асфальттын запасы мол. Неф­тинин ири запастары – Киркук м-н Ханакин­дин тегерегинде, Басранын түштүгүндө, Мосул­га жакын жайгашкан. Күрөң көмүр (Киркук, Заху айланасында, Хамрин тоосунда), кайнат­ма туз (Багдадга жакын), темир (Сулайман тоо­сунда), жез, күкүрт, битум (Мосулга жакын), курулуш материалдарынын (мрамор, акиташ, кварцтуу кум, доломит, гипс, чопо ж. б.) кендери арбын. О. эле күмүш, коргошун, цинк, хром, марганец, урандын кендери да табылган.
Месопотамиянын суу-саздак ландшафты – ирак камыш короолулары ж-а бадалча таркыл­дагы (И. эндемиги) уялоочу, о. эле сууда сүзүүчү көптөгөн сейрек учуроочу куштар кыштоочу дүй­нөдөгү жалгыз аймак. Орнитофаунанын кура­мына куштардын 400гө жакын түрү кирет, анын 170тен ашык түрү – уялоочу куштар. Алардын көбү 20-к-дын ортосунда жерди кургатуу иш-ча­раларынан, о. эле согуштан жапа тарткан. И-тагы коргоого алынган 8 аймак 541 га жерди ээлейт. Орнитофаунанын өтө ар түрдүүлүгүн кор­гоодо Месопотамиянын ландшафтынын баалуу­лугун эске алып, Куштарды коргоо б-ча эл ара­лык союз И-тын аймагында эл аралык маани­деги 42 негизги орнитол. аймакты белгилеген.

Калкы

. И-тын калкынын басымдуу бөлүгүн (71,3%) араб-ирандыктар түзөт. Өлкөнүн түн.- чыгышында күрддөр (14%тейи), түндүгүндө езид­дер (2%), ассириялыктар (1,2%) жашайт, өлкө калкынын 5,3%и азербайжандар; о. эле египет­тик арабдар, палестиналыктар, фарстар, түрк­мөндөр ж. б. жашайт. Мамл. дини – ислам (калктын 97%и). Калктын табигый өсүүсү 2,6% (2007); төрөлүү (1000 адамга 31,4 бала туура ке­лет) өлүм-житимден (5,3) дээрлик 6 эсе ашык. 15ке чейинки балдар калктын 39,4%ин, эмгек­ке жарамдуу курактагылар (15–64) 57,6%ин, 65 жаштан ашкандар 3%ин түзөт. Өмүрдүн күтүл­гөн орт. уз. 69,3 (эркектердики – 68, аялдарды­кы – 70,6). Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 80,2 адам туура келет; калктын көбү Тигр, Евфрат, Шатт­эль-Араб д-нын өрөөндөрүндө ж-а тоо этекте­ринде отурукташкан. Шаар калкы – 67% (2005). Ири шаарлары (2008): Багдад (калкы 6432 миң, шаар айланасы м-н 10 634 миң), Мосул (2595

Файл:ИРАК44.png
Түнкү Багдад.

миң), Басра (1862 миң, шаар айланасы м-н 3803 миң), Эрбиль (1628 миң), Сулеймания (1201 миң), Киркук (676 миң), Эн-Нажаф (615 миң).

Тарыхы

. Азыркы И. (Кош өзөн же Месопота­мия) цивилизациянын эң эзелки очогунун бири. Байыркы убакта анда Шумер ж-а Аккад кул ээлик шаар-мамлекеттери, Вавилония, Ассирия ж. б. пайда болгон. Б. з. 3-к-нан Сасаниддерге, 7-к-дан арабдарга караган. 16-к-дан 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) бүткөнчө Осмон империясынын карамагында болгон. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында нефть табылгандыктан, өлкө мамле-

Файл:ИРАК43.png
Эмир Фейсал ж-а араб делегациясы Версалда (Па­риж тынчтык конференциясы учурунда, 1919–20).

кеттер арасында талаш аймакка айланып, 1- дүйнөлүк согуш учурунда аны англ. аскерлер басып алат. 1921-ж. Улуу Британияга көз ка­ранды Ирак королдугу түзүлгөн. И-та боштон­дук кыймылы күч алып, натыйжада 1930-ж. И. м-н Улуу Британиянын ортосунда түзүлгөн келишим б-ча формалдуу түрдө болсо да, И. көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланат. Иш жүзүндө Улуу Британия өлкөдө стратегиялык, экон. ж-а маанилүү саясий өңүттөрүн сактап ка­лат. 1958-ж. февралда Ирак Иордания м-н Араб союзу федерациясын түзгөн, бирок 1958-ж. 14-июлда аскердик төңкөрүштөн соң, король өлтүрүлүп, монархия кулаган. Ошол эле жыл­дын 15-июлунда И. республика деп жарыя­ланып, англ. согуштук базалар жоюлуп, со­циал.-экон. реформалар жүргүзүлө баштаган.
Өлкө бир нече ирет мамл. төңкөрүштү башы­нан өткөргөн. 1979-жылдын аяк ченинде Иран м-н мамилелердин курчушу, 1980–88-жылдар­дагы Иран-Ирак согушунун чыгышына өбөлгө түзгөн. 1988-ж. эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. 1990-ж. 28-августта И. Кувейтти өзүнүн 19-провинциясы деп жарыя­лап, күч м-н басып алган. 1991-ж. январь–фев­ралда АКШ ж-а анын союздаштары жүргүзгөн «Чөлдөгү бороон» операциясынын натыйжасын­да И. Кувейттен чыгарылган. Ушул эле жылы БУУнун чечими м-н И-ка каршы соода-экон. санкция кабыл алынып, И-ка блокада жарыя­ланган. 2000-ж. Саддам Хусейн БУУ м-н мами­лесин бузуп, И-тан эл аралык инспекторлорду


чыгарып жиберген. 2003-ж. март айында АКШ м-н Улуу Британия И-ка каршы согуштук ара­кеттерди жүргүзүп («Ирактын эркиндиги» опе­рациясы), өлкөнүн аймагын борбор калаасы м-н бирге ээлеп алган. И-ты башкаруу үчүн убак­тылуу коалициялык бийлик түзүлгөн. 2004-ж. бийликтин И-тын Убактылуу өкмөтүнө формал­дуу түрдө өткөрүп берилиши, Саддам Хусейн­дин өлүм жазасына тартылышы өлкөдө шиит, суннит ж-а күрддөрдүн ортосунда карама-кар­шылыктарды ого бетер күчөткөн.

Чарбасы

. И-тын экономикасынын негизин нефть казып алуу ж-а аны иштетүү түзөт. Анын запасы б-ча (дүйнөлүк запастын 11%и) Сауд Ара­биясынан кийинки 2-орунда. Нефть 1979-ж. эң көп (175 млн т) казылып алынган. Иран–Ирак согушу башталганга чейин нефтини экспорттоо­дон түшкөн киреше жылына 21–26 млрд дол­ларга жеткен. 1958-жылдан кийин агр. рефор­ма жүргүзүлүп (жер ээликтерге чек коюлган, кал­гандарын мамлекет сатып алган), банк, камсыз­доо коомдору, ири ө. ж. ж-а соода ишканалары мамлекеттештирилип, мамл. сектор түзүлгөн (а. и. Ирак улуттук нефть компаниясы, 1964). И-тагы согуш ж-а 12 жылга созулган эл ара­лык санкция өлкөнүн социал.-экон. инфраструк­турасына өтө зор терс таасирин тийгизди. Ө. ж. дээрлик кыйраган, а. ч. ж-а тейлөө чөйрөсү көп залал тарткан. 2006-ж. ИДП 50,7 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 2,9 миң доллар­дан туура келет. ИДПдеги ө. ж-нын үлүшү 66,6%, тейлөө чөйрөсүнүкү 26,1%, а. ч-ныкы 7,3%. Сут­касына 2,13 млн баррель нефть казып алынат. Иштетилүүчү кендеринин негизгилери өлкөнүн түндүгүндө (Киркук, Мосул) ж-а түш.-чыгышын-

Файл:ИРАК41.png
Багдаддагы нефть­химия ишканасы.

да (Эз-Зубайр, Эр-Румайла, Нафт-Хан аймак­тарында) жайгашкан. Нефть ажыратуучу 8 з-д, нефть-химия ө. ж. ишканалары иштейт. 2006-ж. 1,75 млн м3 табигый газ, 34,6 млрд кВт.с электр энергиясы (анын 98%и ЖЭСтен) өндү­рүлгөн. Цемент, машина куруу (а. и. аккумуля­тор, желдеткич, кондиционер, транспорт жаб­дуулары да бар), тамак-аш алкаголсуз ичим­диктер, кант ж. б.), текстиль, булгаары, таме­ки, кагаз ө. ж. тармактары өнүккөн; о. эле фос­форит, уран, күкүрт, таш, туз өндүрүлөт. Индус­триялык ири объектилеринин көбү Багдад, Басра, Мосул ш-нын чегинде жайгашкан.
Дыйканчылыкка жарамдуу жери өлкөнүн ай­магынын 27%ке жакынын түзөт, анын 1/ и су­гатка муктаж. 1980-жылдарга карата азык­түлүккө болгон муктаждыгын өзү толук кам­сыз кылган; 1990-жылдардан баштап а. ч. өн­дүрүшү туруктуу кыскара баштап, 21-к-дын башталышынан өлкөнүн азык түлүккө болгон муктаждыгынын жарымына жакыны импорт­тон толукталат. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: арпа, буудай, о. эле шалы, жүгөрү, гозо, таруу, ак жүгөрү, арпа өстүрүлөт. Жашылчачылык (то­мат, бадыраң, пияз, баклажан, бамия, ашка­бак ж. б.), бакчачылык (дарбыз, коон), бак­чылык (цитрус өсүмдүктөрү, алма) ж-а жүзүм­чүлүк өнүккөн. 1980-жылдарга чейин И. – дүйнөгө курма экспорттоочу негизги өлкө бол­гон; курма пальмасы негизинен өлкөнүн түш­түгүндө өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен тоо­луу аймактарда ж-а батышындагы жарым чөлдөрдө өнүккөн; анда бодо мал, кой, эчки, буйвол, төө асыралат.
Тейлөө чөйрөсүнө Борб. банк, 7 мамл. ком­мерциялык, 19 менчик ж-а 6 эл аралык банк, коопсуздуктун камсыз кылуу кызматы кирет. 2003-жылдан кийин туризм дээрлик жок бол­ду. Майда чекене соода ыкчам өнүгүүдө.
И-тын транспорт тармагы согуштан улам өтө бузулган. Автомобиль жолунун жалпы уз. 45,5 миң км (а. и. 38,8 миң кми асфальтталган, 1999); Негизги автомобиль жолдору: Иордания­нын чек арасы – Багдад – Басра ж-а Багдадды өлкөнүн бардык шаарлары м-н туташтырган шоссе. Т. ж-нун уз. 2272 км (2006); негизги т. ж-дору: Багдад–Басра–Умм-Каср, Багдад–Мо­сул–Сирия, Багдад–Эр-Рамади–Эль-Каим, Эль- Каим–Акшат, Киркук–Байжи–Эль-Хадита. 6 деңиз порту бар, алардын эң ирилери: Умм-Каср, Басра, Эз-Зубайр. Нефть куюучу 2 терминалы бар. Деңиз соода флотунун 13 кемеси бар. И-тын аймагындагы Киркук (түндүгүндө) ж-а Эль-Ру­майла (түш.-чыгышында) нефть промыселдери­нен нефтини пайдалануучу ж-а иштетүүчү жер­лерге, Перс булуңунун портторуна нефть куур­лары жүргүзүлгөн. Нефть куурларынын жалпы уз. 5,5 миң км, нефть продукту куурунуку 1,6 миң км, газ куурунуку 2,2 миң км (2006). Сауд Арабиясы, Түркия, Сирия ж-а Ливандын аймак­тары аркылуу өткөн куур м-н И. нефтисин Кы­зыл ж-а Жер Ортолук деңиз портторуна жетки­рип, сырткы рынокко чыгарууга болот. Ички суу жолдорунун уз. 5279 м; Шатт-эль-Араб, Евфрат ж-а Тигр (Багдадга чейин) д-нда кеме жүрөт. Басра ж-а Багдад ш-нда эл аралык, Мосул, Киркук ж-а Эрбиль ш-нда ири аэропорт­тор бар. Негизинен нефть, о. эле курма, булгаа­ры сырьёлору, жүн экспорттолуп, сырттан – азык-түлүк, отун, дары-дармек, ө. ж. товарла­рын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Си­рия, Түркия, Италия, Иордания, Канада, Ис­пания.

Маданияты

. Калктын 80%ке жакыны би­лимдүү. 1959-ж. милдеттүү башталгыч билим берүү ж-дө мыйзам кабыл алынып, анда бала­бакчадан тартып, мектепти аяктаганга чейин мамлекет тарабынан акысыз билим алуу карал­ган. Окутуу араб тилинде, ал эми айрым түн.

Ирак акчасы.