Difference between revisions of "ИПТАРОВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИПТАРОВ Сабыр (20. 11. 1956-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Мантыш айылы) – этнопедагог. КРдин Мамл. туусунун (1992) ж-а Бишкек шаа­рынын гербинин (1998) авторлорунун бири.

КРдин мад-тка эмг. сиң. иш­мери (2010). КМУнун фило­логия ф-тин бүтүргөн (1979). Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин Президиумунун аппа­ратында консультант, бө­лүм башчы (1979–85), Кыр­гыз билим берүү ин-тунда ил. кызматкер, бөлүм баш­чы (1986–2003), Кыргыз би­лим берүү академиясынын Мугалимдердин квалифика­циясын жогорулатуу, даярдоо ж-а кайра даяр­доо борборунун директору (2003–08), Инновация­лык программаларды ж-а технологияларды ин­теграциялоо бөлүмүнүн башчысы (2008-жылдан). Ошол эле жерде Этнопедагогика бөлүмүн (1996), Кырг-ндагы Америка ун-тинде кыргыз таануу багытын (2002) уюштуруучулардын, «Мектеп окуучуларына рухий-адептик билим берүү Кон­цепциясын» (2003), «Жалпы орто билим берүүнүн алкактык улуттук сабак түзүмүн» (куррикулу­мун) (2008) түзүүгө катышкан ж-а «Адеп» (1–4- кл.), «Мурас» (5–7-кл.), «Адам таануу» (8-кл.), «Үй-бүлө» (9-кл.), «Эл таануу» (10-кл.), «Мада­ният» (11-кл.) окуу программаларынын автор­лорунун бири. Кыргыз элинин этнопед., этно­лингв., этноэстетикалык мад-тына арналган 150дөн ашык эмгектердин, окуу китептердин ав­тору. Эл аралык Айтматов клубунун (1989), «Ру­ханият» ассоциациясынын вице-президенти (1992). «Манас-1000» медалы м-н сыйланган.


Эмг.: Көркөм маданият: түшүнүктөр жана тер­миндер. Ф., 1989; Кыргыз эл педагогикасы: изил­дөөлөр, табылгалар. Ф., 1990; Кыргыз этнологиясына киришүү. Б., 2000; Адеп билими. Б., (авторлош, 2002); Руханият. Рух инсандары – эл куту. Б., 2006; Адеп. 9-кл. окуу китеби. Б., (авторлош, 2008); Этнолингво­педагогика. Б., 2010.