Difference between revisions of "ИПР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИПР – Бельгиянын түн.-батышындагы шаар. Калкы 34,8 миң (2008). Алгач 1066-ж. эскери­лет. Фламанддык графтарга таандык болгон. 1116-ж. шаар укугун алган. 1165–77-ж. Фланд­риянын башка шаарлары м-н бирге графтыкта­гы чиновниктердин укуктарын ж-а милдетте­рин жөнгө салуу статусуна ээ болгон. 12-к-дан жыл сайын ярмаркалар (негизинен жүндөн то­кулган нооту) өткөрүлүп турган. 13-к-да ар кайсы соода уюмдарына (а. и. немис шаарларынын саясий ж-а соода союзу – Ганзага) мүчө болгон. И-дын аймагында 1-дүйнөлүк согушта бир нече ири салгылаштар болуп, Германия тарыхта ал­гачкылардан хим. курал колдонгон. 1914–18- ж-а 1940–44-ж. шаардын чеп м-н курчалган борб. бөлүгү көптөгөн кыйроолорго учураган. Шаардын Гроте-маркт башкы аянтындагы фа­садд готика стилиндеги нооту катарлары (уз. 132 м) Белфорт вече мунарасы м-н Бүткүл дүй­нөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ыйык

Файл:ИПР48.png
Нооту катарлары (13-к.–1304-ж.) ж-а Ыйык Мартин собору. (1221-ж.– 15-к.).

Мартин собору (1221–15-к.; бийикт. 102 м), Ыйык Иаков (13–15-к.), англикан стилиндеги Ыйык Георгий (1927–29) чиркөөлөрү, Гент ак сарайы (16-к.) сакталган.