Difference between revisions of "ИПОХОНДРИЯ"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИПОХО́НДРИЯ (hypochjndrion – ооруган жер, сүбөө алды) – өз ден соолугу үчүн өтө кооптонуп чочулаган оорулуу абал. И-га невроз, психопатия, депрессия ж. б. психикалык оорулар себеп болушу ыктымал. Адам божомол сезимдерге берилет да, саламаттыгына тиешеси жок ооруну өзүнө жабыштырат. Ага муңайым, сестенген, басмырт, кабатырланган маанай мүнөздүү. Алар дайыма шексинип, өз организминин иштөөсүнө ашыкча көңүл бурат, нормадан бир аз эле четтесе, өздөрүн оорулуу сезет, врачтарга кайрылып, көп текшерүүлөрдөн өтөт. Алар ишеним ооруларына чалдыгат, өзүмчүл келип, айланасындагылар көңүл бурбай жаткансып, дайыма нааразы болушат. И. аны эмгекке жарамдуулугун жоготуу абалына чейин жеткирет. Эгер текшерүүдө оору табылса врач-психиатрга кайрылуу керек.