Difference between revisions of "ИОРДАНИЯ"
м (1 версия) |
vol3>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ИОРДА́НИЯ , И о р д а н Х а ш и м и т К ор о л д у г у (Аль-Мамляка аль-Урдуния аль- Хашимия) – Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Сирия, чыгышынан ж-а түн.-чыгышынан Ирак, түштүгүнөн ж-а түш.-чыгышынан Сауд Арабиясы, батышынан ж-а түн.-батышынан Израиль м-н чектешип, түш.-батышынан Кызыл деңиздин Акаба булуңу м-н чулганат. Аянты 96,2 миң км2 (Иордан д-нын батыш тарабындагы 6,6 миң км2 жерди 1967-жылдан Израиль басып алган). Калкы 5,9 млн, а. и. 0,85 млну Израиль оккупациялаган аймакта жашайт (2008). Борбору – Амман ш. Расмий тили – араб тили. Акча бирдиги – И. динары. Адм.-айм. жактан 12 мухафазага (губернаторлукка) бөлүнөт.
И. – БУУнун (1955), ЭВФтин (1952), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1952), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), Ислам конф-ясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2000) ж. б. мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. И – унитардык өлкө.
Конституциясы 1952-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – дуалисттик монархия. Мамлекеттин, аткаруу ж-а мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысы король. Мамлекеттин аталышы (Хашимит) бийлик династиясынын Мухаммед пайгамбардын уруусунан чыгышына байланыштырылат. Мыйзам чыгаруу бийлиги королго, Депутаттар палатасынан (110 депутат, 4 жылга) ж-а Сенаттан (55 сенатор, 4 жылга дайындалат) турган эки палаталуу парламентке – Улуттук жыйынга таандык. Аткаруу бийлиги король м-н өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Премьер-министр король тарабынан дайындалат, ал эми премьер-министр өкмөттүн курамын – министрлерди (королдун макулдугу ж-а Парламенттин колдоосу м-н) бекитет. Бардык мыйзамдар король кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. И-да жарандык, диний ж-а атайын соттор бар.
Саясий партиялары: И. араб улуттук демокр. уюму, И. Эл биримдиги демокр. партиясы, Ислам кыймылы фронту, Араб соц. кайра жаралуу партиясы, И. профсоюздарынын конфедерациясы.
Табияты
. И-нын басымдуу бөлүгүн денудациялык түздүктөр ж-а супа сымал түзүлүштөгү плато ээлейт. Рельефи базальттуу платолор (Харратэр-Ружайла), жапыз калдык тоолор ж-а шортоң ойдуңдар м-н татаалдашкан. Жеринин бети таштак келип, кургак сайлар (вади) м-н өтө тилмеленген. Батыш бөлүгүндө түндүктөн түштүктү карай жайпак чокулуу Эш-Шара тоо-
лору (бийикт. 1757 м, Рам чокусу, өлкөнүн эң бийик жери) созулуп жатат. Батышында тектон. Гхор (Эль-Гор) өрөөнүндө туюк Жансыз деңиз (көлдүн деңгээли деңиз деңг. 418 м төмөн) жайгашып, ага Иордан д. куят. Өрөөндүн эки тарабынан Сирия-Палестина тоолору орун алган. Климаты субтропиктик, жайы ысык (июлда 24–30°С), кышы жылуу (январда 8–14°С). Жылдык жаан-чачыны батышында 500–700 мм, чыгышында 100 ммге чейин. Туруктуу аккан
Азрак оазиси. дарыялары аз, вади, сайлар арбын кездешет. Жарым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү басымдуу, оазистер сейрек кездешет (анда негизинен курма пальмасы өсөт). И-нын аймагынын 1%тейин токой ээлейт. И-да жалпы аянты 913,3 миң га болгон корукка алынган 11 аймак, а. и. Вади- Рам, Петра улуттук парктары, Дана биосфералык резерваты ж. б. бар. Акаба булуңундагы коралл (шуру) рифинин экосистемасын коргоо максатында деңиз резерваты уюштурулган.
Калкы
. Калкынын 95%тейи арабдар (иорданиялыктар, палестиналыктар, ирактар, сириялыктар, сауд арабдары ж. б.); калгандары «черкестер», друздар, армяндар, цыгандар, азербайжандар, күрддөр, англистер ж. б. Төрөлүү (1000 адамга 20,7 бала туура келет) өлүм-житимге караганда (2,7 бала) алда канча жогору. И-нын калкы 1960-жылдан кийин 3 эседен ашык өскөн, анын негизги себептери – калктын табигый өсүүсү (3,7%) ж-а миграциялык агым (негизинен Ирактан). 15 жашка чейинки балдар калктын 33%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64) 63%ин, 65 жаштан өткөндөр 4%ин
түзөт. Калкынын 92% мусулмандар, 6%ке жакыны христиандар. Ислам мамл. дин болуп саналат. Калкынын орт. жыштыгы – 1 км2 жерге 66,2 адам. Шаар калкы 79%. Ири шаарлары: Амман (калкы 1,2 млн; 2008), Эз-Зарка (447,9 миң), Иерусалим (чыгыш бөлүгү), Ирбид (292,0 миң, агломерациясы м-н 774,2), Эр-Русайфа (291,7 миң), Вали-эс-Сир (151,9 миң).
Тарыхы
. Өлкө аймагын байыркы заманда семит уруулары мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта анын аймагынын бир бөлүгү Израиль ж-а Иудей падышалыктарына караган. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягынан б. з. 2-к-на чейин аймакта байыркы арабдардын мамлекети – Набатей падышалыгы болгон. И. аймагына 2–4- к-да Рим, 4-к-да Византия, 7-к-да арабдар, 11– 15-к-да кресттүүлөр, селжуктар, египеттик мамлюктар басып кирген. Араб халифатына кирген соң, И-нын калкы ислам динин ж-а араб тилин кабыл алган. 16-к-дын башынан 1918-ж. чейин Осмон империясына карап, биринчи дүйнөлүк согуштан (1914–18) кийин Улуу Британия мандатындагы Палестинага кошулган. Колониячылар 1921-ж. И-нын бир бөлүгүндө (Иордан д-нын чыгышы) өзүнчө Трансиордания эмирлигин түзгөн, бирок иш жүзүндө аны Палестинаны
сурап турган англ. колониячылар бийлеген. 1928-ж. Трансиорданияга Улуу Британия өз мүдөөсүн көздөгөн келишимди таңуулаган. Ушул эле жылы Хашимиттер бийлиги конституция м-н бекемделген. Ушулардан улам нааразычылык күчөп, өлкөдө боштондук үчүн кыймыл жайылган. 1946-ж. 25-майдан Англия–Иордания келишиминин (22.3.1946) негизинде И. Хашимит Королдугу деп аталып, эмир Абдаллах король болуп жарыяланган. 1948–49-ж-дагы араб-израиль согушунан улам Палестинанын борб. райондору (Иордан д-нын батыш, Иерусалимдин чыгыш бөлүктөрү ж. б.) И-га кошулган. Король Абдаллах өлтүрүлгөндөн кийин 1951-ж.
1946.
Абдаллахтын уулу Талал такка отурган, бирок ден соолугуна байланыштуу бийликти 1953-ж. уулу Талалга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 1954-ж. патриотчул Улуттук фронт түзүлгөн ж-а ал 1956-ж. парламентке шайлоодо жеңип чыгып, өкмөттүн башына Улуттук соц. партиянын лидери С. Набулси келген. Улуу Британия 1957-ж. февралда Англия-Иордания келишимин жоюп, И-дан аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз болгон. 1957-ж. апрелде король мамл. төңкөрүш жасоого аракеттенген С. набулсинин Өкмөтүн кетирген. 1967-ж. кайрадан тутанган Израиль м-н болгон согуштан соң, 1948–49-ж-дагы кошулган жерлерин жоготкон. 1971-ж. И. аскерлери өлкөнүн аймагындагы палестиналыктардын согуштук базаларын жок кылган. 1988-ж. И. Иордан д-нын батыш бөлүгү м-н болгон расмий байланышын үзгөн. 1994-ж. И. ж-а Израиль тынчтык келишимин түзүп, келишимдин шарты б-ча Израиль 1967-ж. басып алган аймактарын кайтарып берген. Король Хусейин бек Талалдын (1953–99-ж. башкарган) экономика-
Филадельфиядагы (азыр Амман) Геркулес храмынын урандылары. 2-к. ны көтөрүү, коомдук-саясий турмушту либералдаштыруу ж-а Ж. Чыгыштагы абалда турукташтыруу курсун уулу король Абдалла II бен аль-Хусейин улантууда.
Экономикасы
. И. – табигый ресурстарга жарды; экономикасы көбүнчө сырткы соодага ж-а башка өлкөлөрдүн каржылоосуна байланыштуу; о. эле эмгек мигранттарынан түшкөн (жылына
1 млрдга жакын) акчанын да мааниси зор.
ИДПнин көлөмү 30,03 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 5100 доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 85,8,
ө. ж-ныкы 10,3, а. ч-ныкы 3,9 (2006). 1967-жылкы Израилдин агрессиялык саясатынан улам И-нын чарбасы чоң зыян тарткан. Нефть (2005-ж. 8 миң баррель; Хамза кени), газ (294 млн м3, Эль-Ариша аймагында) казылып алынат. Нефть ылгоочу жалгыз з-ду Эз-Зарка ш-нда жайгашкан. Чакан нефть-хим. ишканалары пластмасса, сыр, идиш-аяк жуучу каражаттарды чыгарат. 2006-ж. 9,2 млрд кВт.с
электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен газды пайдаланган ЖЭСтен). Эль-Ярмук д-нда ГЭС курулууда (2008). Металлургия ишканалары (11 з-д иштейт) болот чыгарат. Негизги химия продукциялары (поташ, к-та, минералдык жер семирткичтер ж. б.) негизинен жерг. ресурстардын базасында өндүрүлөт. Фосфорит (6,4 млн), Жансыз деңизден минералдуу туз, курулуш материалдардан акиташ теги, чопо, мрамор ж. б. казылып алынат; цемент чыгаруу ө. ж. өнүккөн. Фосфор ж-а калий жер семирткичтери, фосфор ктасы, бром, күкүрт к-тасы, түрдүү химикаттар, кайнатма туз өндүрүлөт. Фармацевтика ө. ж. өнүккөн. Жансыз деңиздин тузунун ж-а баткагынын негизинде косметикалык продукция даярдалат. Жеңил (кездеме, кийим ж. б.), тамак-аш (сүт продуктулары, зайтун майы, ун ж. б.) ө. ж. да
өнүккөн.
Кургакчыл климат а. ч-нын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылат; өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө дыйканчылык сугатка муктаж. 21-к-дын башталышынан агрардык өндүрүштө иштөөгө мигранттар (негизинен Египеттен) көп тартыла баштаган. Аймагынын 6–7%ке жакыны айдалат (анын 1/ и сугарылат). Негизги дыйканчылык аймагы – Иордан д-нын өрөөнү; ал жерде жемиш бактары, цитрус өсүмдүктөрү, банан, жүзүм, томат, бадыраң, баклажан, буудай, арпа, о. эле жүгөрү, ак жүгөрү, картөшкө, пияз, капуста, жасмык ж. б. өстүрүлөт. Ирригациялык максатта Иордан д-на канал, Эз-Зарка, Эль-Кафрайн, Шуайб ж. б. дарыяларда суу сактагычтар
курулган. Бодо мал, төө, кой ж-а эчки асыралат. Акаба булуңунан балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын
ири сектору. 20дан ашык банк (а. и. Борб. банк, Араб коммерциялык банкы ж. б.) ж-а Амманда фонд биржасы иштейт. Жылына 5 млндон ашык чет элдик турист келет. Дарылоо – ден соолукту чыңдоо туризминин негизги аймагы – Акаба булуңу м-н Жансыз деңиздин пляждары, о. эле деңизге жакын жайгашкан ысык булактар. И-да авиация экипажын окутуунун жаңы системасы түзүлүп, ал араб ж-а африка авиакомпанияларына кызмат көрсөтөт.
Т. ж-нун уз. 505 км; негизги магистралы
өлкөнү түндүктөн түштүккө кесип өтөт. Автомо-
Иордания акчасы.
биль жолунун жалпы уз. 7,5 миң км; негизги автомагистралдары: «Чөл шоссеси» (Эр-Рамта – Амман – Маан – Акаба; уз. 320 кмден ашык); Эль-Мафрак–Ирактын чек арасына чейин. Негизги туристтик трассасы: Амман–Иерусалим. Деңиз порту – Акаба (Кызыл деңиздин Акаба булуңунда). Эль-Жизе (Аммандан 40 км түш. тарапта), Акаба ш-ларында эл аралык ири аэропорттору бар. Магистралдык куур транспортунун жалпы уз. 475 км (2006), а. и. газ куурунуку 426 км (эң ириси Египеттен Акабага, андан ары
өлкөнүн түндүгүнө кетет), нефть куурунуку 49 км. Сыртка поташ, фосфорит, минералдык жер семирткич, фармацевтика продукцияларын, текстиль ж-а тигилүү буюмдарды, жемиш ж. б. чыгарып, сырттан нефть, газ, машина ж-а жабдууларды, азык-түлүк, кездеме ж-а ийрилген жип ж. б. алат. Соода шериктери: Сауд Арабиясы, Ирак, Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери ж. б. араб өлкөлөрү, АКШ, Германия, Индия, Кытай. Маданияты. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия, милдеттүү базалык (6 жылдык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто), 2 жылдык толук орто же кесиптик-тех. билим берүүнү камтыйт. 2004-ж. балдардын 30%и мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган, 6–12 жаштагы балдардын 91%и башталгыч мектепте, ал эми 12–18 жаш курактагылардын 87%и орто мектептерден билим алган. Билим берүү араб тилинде жүргүзүлөт, көпчүлүк мектептерде англис тили да окутулат.
Өлкөдө 15тен ашык мамл. ири ун-т, 10дон ашык менчик ун-т бар. 35 миңге жакын студент чет өлкөлөрдө, негизинен АКШ ж. б. араб
өлкөлөрүндө билим алууда.
Амманда Калк китепканасы (1958), ун-ттердин китепканалары бар. Музейлери: археол., ислам, элдик иск-во ж-а кийим; Улуттук көркөм
өнөр ж-а Мозаика галереялары (баары Амманда). И-да 44 наамдагы гезит-журналдар чыгат (2004). Белгилүү араб тилинде «Ар-Рай» (1971), «Ад-Дустур» (1967), англис тилинде «Джордан таймс» (1975); Радио уктуруу 20-к-дын 50-жылдарынын башында башталган, 12 радиостанция иштейт. И. телекөрсөтүүлөрү эки канал б-ча, биринде – араб тилинде, экинчиси – чет элдик телекөрсөтүүлөрү берилет. Жаңылыктары араб, француз,
англис ж-а иврит тилдеринде чыгарылат.
Ад-ты араб тилинде өнүгүүдө. Улуттук иордан ад-тынын калыптануусу алгачкы адабий жыйындардын демилгечиси И-нын биринчи королу Абдаллах ибн Хусейндин ысымы м-н байланыштуу.
Көркөм өнөр палеолит, жолиттен башат алат.
Кабатай аска сүрөттөрү, эллин мад-тынын эстеликтери сакталган. Рим мезгилинде арх-ра м-н иск-во гүлдөп өнүккөн. Араб халифатынын курамында И. о. кылымдагы араб-мусулман көркөм мад-тынын очогу болгон. Жаңы мезгилдин арх-расына заманбап курулуштар мүнөздүү.
Жалпы арабдык ж-а улуттук салттардын жалпы европ. ад-ттын ар кыл формалары м-н айкалышуусу И. ад-тын негизги мүнөзүн аныктайт.
Элдик музыка м-н катар классикалык музыкасы өнүгүүдө. Улуттук консерватория (1986), симф. оркестр иштейт. 1950-жылдарда тарыхый ж-а диний темадагы спектаклдер коюлган. 1964-ж. Амманда биринчи театр труппасы, 1951-ж. Театр ишмерлеринин ассоциациясы уюшулган. Амманда бир нече театр иштейт. Муз. ж-а театр фестивалдары өткөрүлүп турат. Улуттук киноиндустрия өнүгө элек, бирок телесериалдар тартылат. 2003-ж. жаштарга кинематографиянын негиздерин үйрөтүүгө багытталган Амман кинематографисттер бирикмеси уюшулган. Даректик киножанрында эмгектенген кино ишмерлеринин ичинен А. Хасан ж-а Н. Хасандын ысымдары кеңири белгилүү. 2005-жылдан
Амман ш-нда кинофестиваль өткөрүлөт.
Ад.: Гаврилин В. Г., Корешков В. В. Иордания: пути развития. М., 1985; Конков В. М. и др. Иордания // Новейшая история арабских стран Азии. 1917–1985. М., 1988; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Аганин А. Р., Соловьева З. А. Современная Иордания. М., 2003; Деловая Иордания ... в 2002–2003. М., 2003–2004. Т. 1–2; Иордания //
Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
Б. Мудаева, Ш. Керимова.