Difference between revisions of "ИОНИЯ ДЕҢИЗИ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
И́ОНИЯ ДЕҢИЗИ – Жер Ортолук деңизинин борб. бөлүгү. Балкан, Апеннин ж. а-дары м-н Крит, Сицилия а-нын аралыгында. Адрия деңизи м-н Отранто, Тиррен деңизи м-н Мессина кысыктары аркылуу туташат. Аянты 169 миң км2. Эң терең жери 5121 м. Ири булуңдары: Патраикос, Коринф, Таранто. Чыгышында Иония аралдары жайгашкан. Суунун темп-расы февралда 14°Сден августта 25,5°Сге чейин. Туздуулугу 38‰. Суткада эки жолу ташкындайт (бийикт. 0,4 мге чейин). Балык (скумбрия, кызыл тунец, камбала, кефаль) кармалат. Башкы порттору: Патры, Керкира (Грекия), Таранто, Катания (Италия).