Difference between revisions of "ИОНДУК ПРИБОРЛОР"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИОНДУК ПРИБОРЛОР – таасири газдагы же металл буусундагы электр разряддарына негизделген газ разряддуу куралдар. Бул приборлорго инерттүү газдар (He, Ne, Ar, Kr, Хе), сымап буусу же суутек толтурулат. И. п-дун иштөөсү электроддордун арасында пайда болуучу газ плазмасы аркылуу электр агымынын өтүүсүнө негизделген. И. п-до вакуум приборлорундай эле негизги электр агымын электрондор түзөт. Иондордун ролу – негизинен электрондордун көлөмдүү заряддарынын терс таасирин жоюуга багытталган. И. п. импульстуу түзүлүштөрдө (тиратрондо), чыңалууну индикациялоо үчүн (сигнал бергич неон лампасы ж. б.), чыңалууну турукташтыруу үчүн (стабиотрон), кубаттуу түзөткүчтөрдө (сымап вентили, игнитрон), разряддоочу ж-а электр чынжырларын коммутациялоодо (тригатрон ж. б.), электр энергиясын жарыкка айландыруу үчүн (жарыктын газ разряддоочу булактары) ж. у. с. колдонулат.