Difference between revisions of "ИНТРИГА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
(Айырма жок)

12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИНТРИ́ГА (фр. interige, лат. intricо) – 1) кайсы бир максатка жетүү үчүн тымызын жасалган аракеттер. И. – бийлик ж-а таасир үчүн күрөштүн эң байыркы, салттуу ыкмаларынын бири, «саясат жасоонун» элитардык ыкмасы. И. кимге багытталганына карай төмөнкүдөй бөлүнөт: 1) персоналдуу, бир саясий ишмерге каршы багытталган; аны бийликтен четтетүү; саясий дискредитациялоо; 2) айрым ишмерлер­ди эмес, өлчөмүнө карабай тигил же бул топту физ. же символдук четтетүү ж-а компрометация­лоо максаты. И-луулуктан качуунун каража­ты – саясий турмуштун толук демократташты­рылышы, кеңири маалымдуулук, жарандык коом чегинде социалдык көзөмөлдүн атайын ку­ралдарын түзүү; 2) фабула, сюжетти түзүүнүн ык­масы; каармандардын кызыкчылыктарынын айкалышуусунун ж-а кагылышуусунун на­тыйжасында түзүлгөн абалдын өзгөчөлүгүнөн келип чыккан аракеттердин динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылуучу ыңгай, алардын ка­тышынын жардамы м-н окуялардын өнүгүү схе­масы; 3) сейрек кездешүүчү сүйүү мамилелери, сүйүү байланышы.