Difference between revisions of "ИНТОНАЦИЯ 1"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТОНА́ЦИЯ м у з ы к а д а – 1) өз ара байланыштуу бир нече мааниге ээ муз. теор. ж-а эстетикалык түшүнүк. Кеңири мааниде – муз. үн катарларынын бийиктете уюштурулушу. Муз. И. речтик белгилөөдөн үндөрдүн бийиктиги ж-а алардын лад системасына багынгандыгы м-н айырмаланат. И. деп кээде экспрессиялуулук, синтаксистик, мүнөздөмөлөөчү, жанрдык мамилелер м-н шартталган муз. ой айтуу манерасын түшүнөбүз. Муз. И. ж-дөгү окуу антикалык мезгилде башталып, о. кылым ж-а Кайра жаралуу доорунда, андан кийинки мезгилдерде да улантылган; 2) муз. тондордун бийиктигин ж-а алардын айкалышын акустикалык тактыкта кайра уктуруу ченеми; 3) белгиленген үн бийиктиги бар муз. аспаптарды жасоодо ж-а толгоодо алардын ар бир үнүнүн бийиктиги, катуулугу ж-а тембри б-ча тегиз ж-а так угулушу.