Difference between revisions of "ИНТЕРЬЕР"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТЕРЬЕ́Р (фр. interieur – ички) – 1) а р х ит е к т у р а д а имараттын (турак ж-а коомдук жай ж. б.) же үйдүн (далис, бөлмө, зал д. у. с.) ичи. И-дин арх-ралык композициясы м-н жасалгасы көркөм айкалышып, адамга эстетикалык ыракат берүүгө тийиш. Азыркы мезгилдин талабына ылайык архитекторлор м-н сүрөтчүлөрдүн алдына жаңы милдеттер коюлуп жатат. Аларды туура чечүү адамдарды ыңгайлуу, эстетикалык муктаждыктарын канааттандыра турган турак жай м-н камсыз кылууга мүмкүндүк берет; 2) живописте И. жанры 17-к-да Голландия (П. Санредам, де Витте ж. б.) м-н Фламандда мыкты өнүккөн. Россияда 19-к-да пайда болгон (А. Г. Венецианов ж-а анын жолун жолдогон сүрөтчүлөр). И-дин үй тиричилик ж-а тарыхый сюжеттер б-ча сүрөт тартууда мааниси чоң.
Ад.: Соловьев Н. К. История современного интерьера. М., 2004; Мак-Коркодей Ч. Убранство жилого интерьера. М., 2006.