Difference between revisions of "ИНТЕРАКЦИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТЕРА́КЦИЯ (анг. interaction, лат. inter – аралык, activus – ишкер) – социалдык психологияда ж-а культурологияда адамдардын өз ара алакасын, алардын бири-бирине өз ара таасир көрсөтүүсүн же топтордун бири-бирине тийгизген таасирин үзгүлтүксүз диалог катары чагылдырган термин. Ж. Миддин социалдык психологиясында И. инсандар аралык «символ алмашуу» түрүндө тике коммуникация катары түшүндүрүлөт. Мындай пикир алмашуунун маанилүү өзгөчөлүгү – адамдын өзүн башкалардын ордуна коё билүү, башка адамдын сезимтуюмдарын түшүнө билүү жөндөмдүүлүгү эсептелет.