Difference between revisions of "ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК – ачылышка‚ ойлоп чыгарууга‚ илим‚ ад-т‚ иск-во чыгармаларына ж. б. интеллектуалдык чыг-лык эмгектин үзүрүнө ээлик. Эл аралык практикада кара ниет атаандаштыкка каршы коргоого алынуучу адабий‚ көркөм‚ ил., маектештик чыгармаларга‚ өнөрпоздордун аткаруучулук ишмердигине‚ үн жазууга‚ радио берүүлөргө ж-а телекөрсөтүүлөргө‚ адам ишмердигинин бардык чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга‚ ил. ачылыштарга‚ ө. ж. үлгүлөрүнө‚ товардык белгилерге‚ тейлөө белгилерине‚ фирмалык аталыштарга‚ о. эле өндүрүштүк‚ ил. адабий ж-а көркөм чөйрөдөгү жеке ишмердикке кирүүчү укуктар И. м. деп түшүнүлөт. И. м. автордук укук, ө. ж-лык менчик, ил. менчик деп бөлүнөт. И. м. б-ча эл аралык мүнөздөгү бир катар укуктук актылар бар: ө. ж. менчигин коргоо Париж Конвенциясы (1883), Адабий ж-а көркөм чыгармаларды коргоо б-ча Берн конвенциясы (1886)‚ Автордук укук б-ча бүткүл дүйнөлүк Конвенция (1952) ж. б. Бул конвенциялар көп жолу өзгөртүлгөн ж-а азыр жаңы редакцияда колдонулат. Андан тышкары И. м. б-ча азыркы учурда 20дан ашуун макулдашуу бар. 1967-ж. Cтокгольмдо Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмун (БИМУ) түзүү тууралуу конвенцияга кол коюлуп‚ ал 1970-ж. күчүнө кирген. Кырг-н ага мүчө. И. м-ке укук экон.‚ социалдык ж-а маданий укук ж-дөгү 3-Эл аралык пактта бекемделген. Кырг-нда И. м. укугунун сакталышын КРдин мамл. патент кызматы көзөмөлдөйт. Рынок мамилелерине өтүү м-н И. м. жаатындагы өз мыйзамдарын эл аралык укук актыларына ылайыкташтыруу м-н КРде «Автордук укук жөнүндө» (1998)‚ «Кыргыз Республикасынын патент мыйзамы» (1998) «Товардык тейлөө белгилери жөнүндө» (1998) ж. б. мыйзамдар кабыл алынды.
Ад.: Дозорцев В. А. Интеллектуальные права; понятие, система, задачи кодификации. М., 2005.