Difference between revisions of "ИНТЕЛЛЕКТ"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТЕЛЛЕ́КТ (лат. intellectus – акыл, эс) – акыл, ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк, сезим органдары тарабынан кабыл алынган нерселерди билимге айландырган же мурдагы билимди сынга алган ж-а анализдеген акыл-эстин функциялары (салыштыруу, абстракция, түшүнүктөрдү, пикирлерди, ой бүтүмдөрүн ж. б. пайда кылуу). О. кылымдарда эле эрк интеллектке баш ийеби же тескерисинче И. эрк тарабынан башкарылабы деген курч талаш маселе коюлган. Биринчи көз карашты Фома Аквинский, экинчисин Дунс Скот ж-а Уильям Оккам ж. б. англ. ойчулдар жакташкан. Интеллект да, эрк да объективдүү жагдайлардан көз каранды, ал эми И. рухий чөйрөнүн курамына кирүү м-н психикалык чөйрөнүн элементи болуп эсептелген эрктен бир кыйла жогору турат деген түшүнүмдөр үстөмдүк кылат.