Difference between revisions of "ИНТЕГРАЦИЯ"
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТЕГРА́ЦИЯ с а я с и й– кандайдыр бир бөлүктү ж-а элементтерди бир бүтүнгө бириктирүү; коомдук, мамл. структуралардын мамлекеттин чегинде же андан кеңирээк мамлекеттер аралык биримдикке кошулуусу. Мамлекеттер аралык И. улуттук саясий органдардын эгемендик укуктарынын бөлүктөрү берилген бийликтин жаңы ин-ттарын түзүү жолу м-н ишке ашырылат. И. элдер м-н мамлекеттердин өз ара байланышынын өсүшү илимий-техникалык прогресс м-н тездетилген бардык коомдук турмушту интернационалдаштыруунун негизинде өнүгөт. И-нын катышуучулары – бийликти ишке ашыруу ж-а коомдук башкаруу м-н байланышкан, белгилүү саясий функцияларга ээ уюмдар, топтор. Аларга атайын түзүлгөн трансулуттук ин-ттар сыяктуу эле, улуттук-мамл. ин-ттар (өлкөлөрдүн мамл. механизмдеринин бөлүгү, партиялар, профсоюздар, ишкерлер союзу ж. б.) да кирет. Саясий ишмердүүлүктүн субъекттеринин И-сынан башка, чарбалык-саясий, социалдык-саясий, адм.-саясий, аскердик-саясий ж-а тышкы саясий ишмердүүлүктүн чөйрөлөрүндө алар иш жүзүнө ашырган саясий функциялардын кошулушу жүргүзүлөт. И. процесси 20- к-дын 50-жылдарында түзүлгөн европ. коомчулуктардын (ЕОУС, ЕЭС ж-а Евратом) базасында Батыш Европада алдыга жылган. Коомчулуктардын катышуучулары – өлкөлөрдүн экономикасын активдүү трансулутташтыруу алардын башкаруу механизмдеринин өзгөчөлүктөрүнө алып келет, коомдук мамилелердин мүнөзүнө ж-а структурасына, коомдук идеологияга, калктын жашоосуна таасир тийгизет.